Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда МРТ кабинети иштей баштады

 Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда МРТ кабинети иштей баштады

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда магниттик-резонанстык томография (МРТ) кабинети иштей баштады. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов белгилегендей, монополияга каршы комитет бекиткен прейскурант боюнча изилдөөнүн баасы изилдөөнүн түрүнө жараша 2200 сомдон ашпайт. «МРТ аппаратынын иштөөсү кыйла кымбат экенин эске алсак, текшерүүдөн толугу менен бекер өтүү мүмкүн эмес. Анткени керектелүүчү материалдарды сатып алуу талап кылынат. Бирок, жеке клиникаларга караганда баасы кыйла арзан. Мунун баары калктын социалдык жактан аялуу катмарын колдоо максатында жасалууда”, – деди Шайырбек Сулайманов.

МРТ кабинети Ахунбаев көчөсү, 192 дарегиндеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жайгашкан жана дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 8:00дөн 17:00гө чейин иштейт. Балдарды жана бойго жеткен бейтаптарды кабыл алуу дарыгердин жолдомосу менен жүргүзүлөт.

Бейтаптардын курсак көңдөйүнүн анестезияны талап кылган МРТ изилдөөсүнө даярдоо тамактанууну жана суюктуктарды колдонууну убактылуу чектөөнү камтышы мүмкүн. Кийимде металл буюмдар болбошу керек. МРТга каршы көрсөтмөлөр бейтаптын денесинде металл импланттарынын болушу.

Толук маалымат алуу жана ала жазылуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: (0312) 490663, 0704 490663; 0554 490663.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 11-ноябрында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда магниттик-резонанстык томография борбору ачылган. МРТ атайын курулган жаңы имаратта жайгашкан. Аппарат Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында сатылып алынган.

Связанный пост