2024-жылдын 29-февраль күнү Талас шаарындагы А.Огомбаев музыкалык мектебинин жыйындар залында, Талас шаарынын “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу, саркынды суу жана суу түтүктөрүнө, саркынды суу тармактарына кошулууга техникалык шарттарга кызмат көрсөтүү тарифтерин макулдашуусу боюнча Талас шаарынын тургундары менен коомдук талкуу өткөрүлдү. Талкуунун уюштуруучулары Талас облустук бөлүмүнүн башчысы Б.Р. Токтогулов, Талас шаардык биринчи вице-мэри Аскаров Э. […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу менен 2024-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейин бардык район, шаарларда айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун үч айлыгы жарыяланды. Ишембиликтерде көчө, аллея, сейил бактарга дарак көчөттөрүн, гүл түрлөрүн эгүү, бак-дарактарды бутоо, актап-сырдоо, санитардык абалын жакшыртуу, арык-каналдарды тазалоо жана жээк бекемдөө иштери аткарылат. Мындан сырткары ири автожол бойлорун абаттоо, көчөлөргө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында, Кашгар шаарында ККПнын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугушту. Жолугушууда Минкаб башчысы Кыргызстан-Кытай кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелери боюнча “сааттарды синхрондоштурууга” мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ар бир маселе […]Читать далее
КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2024-жылдын 1-мартынан тартып «Торугарт-автожолу» жана «Эркештам-автожолу» өткөрүү пункттарында бажы кызматкерлери жумасына жети күн күнү-түнү кызмат өтөй баштаганын билдирди. Тышкы экономикалык ишмердүүлүктү камсыздоо жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттарында күнү-түнү кызмат көрсөтүү үчүн бажы кызматы бардык зарыл иштерди жүргүздү. «Торугарт-автожолу» жана «Эркештам-автожолу» өткөрүү пункттарынын […]Читать далее
2024-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) фактысынын негизинде Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында, 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө, опузалап алынган 4 миң АКШ долларынын бир бөлүгүн алуу боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын […]Читать далее
Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 51 млн. 264 миң сомго бааланган Кочкор айылындагы автобекет жер тилкеси менен жана мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен Ормон-Хан айыл аймагындагы 3 млн. 200 миң сомдук 0,72 га жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын Мүлктү башкаруу мамлекеттик фонду жана Транспорт министрлиги тарабынан Кочкор айылындагы автобекетти “Н.О.” ЖЧКга жана Кочкор […]Читать далее
29-февралда Кыргызстанга Ага Хан фондунун экономикалык өнүктүрүү боюнча аткаруу комитетинин башчысы жана Ага Хан уюмунун өнүктүрүү боюнча бюджетин кароо комитетинин теңтөрагасы ханзаада Рахим Ага Хан келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аны “Манас” аэропортунан КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев тосуп алды. Тараптар кыска […]Читать далее
Күн мурун экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев КР коммерциялык банктары тарабынан өнөр жай жана турак жай секторлорунда энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Кыргызстандагы “Жашыл энергияны каржылоо” программасынын (KyrSEFF) жазгы сессиясына катышты. Ведомстводон билдиришкендей, аталган программа Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылууда. Кыргызстанда “Жашыл экономиканы каржылоо” программасынын жаңы III фазасы климаттын өзгөрүшүнө […]Читать далее
Өзгөндө “Кадастр” соттун жасалма чечиминин негизинде 1,5 га жер тилкесин менчиктештирип бергендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Өзгөн филиалынын кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Дөң-Булак айыл аймагынын Пайзабад участкасында жайгашкан 1,5 га […]Читать далее
Бүгүн саат 06:22де кыргыз-өзбек чек арасында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын очогу Керкиден айылынан түндүккө карай 5 км, Найман айылынан түштүк-батышка карай 8 км, Кызыл-Кыя шаарынан түндүккө карай 20 км, Ош шаарынан түштүк-батышка карай 60 км аралыкта жайгашкан. Кыргызстандын калкттуу пункттары – Керкиден жана […]Читать далее