Таласта суунун тарифтери боюнча жыйын өткөрүлдү

 Таласта суунун тарифтери боюнча жыйын өткөрүлдү

2024-жылдын 29-февраль күнү Талас шаарындагы А.Огомбаев музыкалык мектебинин жыйындар залында, Талас шаарынын “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу, саркынды суу жана суу түтүктөрүнө, саркынды суу тармактарына кошулууга техникалык шарттарга кызмат көрсөтүү тарифтерин макулдашуусу боюнча Талас шаарынын тургундары менен коомдук талкуу өткөрүлдү.

Талкуунун уюштуруучулары Талас облустук бөлүмүнүн башчысы Б.Р. Токтогулов, Талас шаардык биринчи вице-мэри Аскаров Э. жана МП “Таза Суу” ишканасынын жетекчиси Токторбаев А. иш-чаранын жүрүшүндө Талас шаарынын “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу, саркынды суу жана суу түтүктөрүнө, саркынды суу тармактарына кошулууга техникалык шарттарга кызмат көрсөтүү тарифтерин макулдашуусу боюнча Талас шаарынын тургундары менен талкуу өткөрдү.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн 2024-жылдын 1-мартында № 1 сандуу буйругу кабыл алынып, тарифтер төмөндөгүдөй белгиленди:

 

– Жарандар үчүн ичүүчү суу кызматы 1 м³ (салыкты эсепке албаганда) – 7,82 сом;

 

– Жарандар үчүн саркынды суу кабыл алуусу кызмты 1 м³ (салыкты эсепке албаганда) – 11,54 сом;

 

– Башкалар үчүн ичүүчү суу кызматы 1 м³ (салыкты эсепке албаганда) – 43,37 сом;

 

– Башкалар үчүн саркынды суу кабыл алуусу 1 м³ (салыкты эсепке албаганда) – 29,68 сом;

 

– Суу түтүктөрүнө жана саркынды суу тармактарына кошулууга техникалык шарттарга кызмат көрсөтүү тарифи (салыкты эсепке албаганда) – 1398,58 сом.

Связанный пост