Кыргызстанга ханзаада Рахим Ага Хан келди. Ал өлкөнүн жетекчилери менен жолугушат

 Кыргызстанга ханзаада Рахим Ага Хан келди. Ал өлкөнүн жетекчилери менен жолугушат

29-февралда Кыргызстанга Ага Хан фондунун экономикалык өнүктүрүү боюнча аткаруу комитетинин башчысы жана Ага Хан уюмунун өнүктүрүү боюнча бюджетин кароо комитетинин теңтөрагасы ханзаада Рахим Ага Хан келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, аны “Манас” аэропортунан КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев тосуп алды.

 

Тараптар кыска жолугушуу өткөрүшүп, иш сапардын программасын жана анын өлкөнүн жетекчилиги менен жолугушуусун талкуулашты.

 

Жолугушууда Кыргызстандын Ага Хан фондунун өнүктүрүү уюму менен эки тараптуу кызматташуусунун артыкчылыктуу маселелерине жана анын өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү долбоордук ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

 

Мындан тышкары, тоо проблемаларына эл аралык көңүл буруу, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча демилгелерди биргелешип өнүктүрүү, ошондой эле туруктуу жана тең салмактуу экономикалык өнүгүүгө умтулуу маселелери талкууланды.

Связанный пост