Кочкор айылында автобекет жана 3 млн. сомдук жер аянты мамлекетке кайтарылды

 Кочкор айылында автобекет жана 3 млн. сомдук жер аянты мамлекетке кайтарылды

Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 51 млн. 264 миң сомго бааланган Кочкор айылындагы автобекет жер тилкеси менен жана мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен Ормон-Хан айыл аймагындагы 3 млн. 200 миң сомдук 0,72 га жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.

Текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын Мүлктү башкаруу мамлекеттик фонду жана Транспорт министрлиги тарабынан Кочкор айылындагы автобекетти “Н.О.” ЖЧКга жана Кочкор айыл өкмөтү менен Кочкор райондук архитектурасынын кызмат адамдары Кочкор айылындагы бузулуп кеткен эски көмүр сактоочу базанын жалпы аянты 0,72 га болгон жер тилкесин 6 жаранга жеке менчикке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз түрдө берип жиберишкендиги аныкталган.

Аталган автобекет менен жер тилкесин жана 0,72 га жер тилкесин мамлекетке кайтаруу жөнүндө райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыздар келтирилип, соттун бардык инстанциялары менен толук канааттандырылды.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде автобекет жана жер тилкелер мамлекеттик менчикке кабыл алынды.

Связанный пост