УКМК: Опузалап пара алып жаткан жеринен ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери кармалды

 УКМК: Опузалап пара алып жаткан жеринен ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери кармалды

2024-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) фактысынын негизинде Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында, 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө, опузалап алынган 4 миң АКШ долларынын бир бөлүгүн алуу боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги К.М.К., ошондой эле С.У.Ж. жана Т.А.С. аттуу жарандар кармалды.

Такталгандай, аталган адамдар алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, унааны кайтарып берүү үчүн акча каражатын талап кылышкан.

Кармалгандардын баары КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Связанный пост