Экономика

Япония Кыргызстанда гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Япония Кыргызстанда гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.   КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул тууралуу Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоевдин Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин Россия, Борбордук Азия жана Кавказ департаментинин директору Ватанабе Масаши менен жолугушуусу учурунда маалым болду.   Жолугушууда тараптар 2023-жылдын сентябрында Токио шаарында өткөрүлгөн «Борбордук Азия + Япония» экономикалык жана […]Читать далее

Билим

Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн “Бөбөктай” балдарды эрте өнүктүрүү борбору

Бүгүн, 1-мартта, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде мектепке чейинки курактагы балдар үчүн “Бөбөктай” балдарды эрте өнүктүрүү борбору ачылды. Министр Догдуркул Кендирбаева салтанаттуу ачылышта балдарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек экенин баса белгиледи. Борборду ачуу идеясы Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаевага таандык. «Мен биринчи күнү министр кызматына келгенде балдар менен кошо жумушка […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: Кыргызстан Борбордук Азия жана Батыш Азияга чыгууга кызыкдар

Кашгар шаарында (КЭР СУАР) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, ККПнын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү.   Жолугушууда Акылбек Жапаров Синьцзян Кыргызстан үчүн Кытай Эл Республикасы менен соода алакасындагы дарбаза болуп калса, өз кезегинде тарыхый жайгашкан […]Читать далее

Аймак

Айтматов районунун Ак-Жар айылында 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Бүгүн, 1-мартта Айтматов районуна караштуу Ак-Жар айлындагы А.Калыбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов, Айтматов районунун акими Б.Сагымбаев, юстиция министри Аяз Баетов, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору М.Жыпаркулов жана райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, мугалимдер менен айыл тургундары катышты. […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров ишкерлер үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жөнүндө жарлыкка

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ишкердик субъекттер үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыкчылыгын жогорулатуу жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Өлкөнүн экономикасынын алдында турган учурдагы чакырыктардын шартында экономикалык өсүүнүн жана социалдык өнүгүүнүн маанилүү кыймылдаткычы болуп эсептелген ишкердик субъекттерге дем берүүгө жана колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой болсо да, көптөгөн ишкерлер расмий […]Читать далее

Медицина

Кыргызстан жана Түркия саламаттык сактоо министрлери кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын саламаттык сактоо министри доктор Фахреттин Кожа менен жолугушту.   Министрликтен билдиришкендей, жолугушуу Алымкадыр Бейшеналиевдин Түркияга болгон иш сапарынын алкагында өттү.   Бейшеналиев кесиптеши менен жолугушууда тараптар эки өлкөнүн медицина жана фармацевтика тармагындагы кызматташуусунун келечегин жана артыкчылыктарын активдүү талкуулашты. Кадрлар менен камсыз кылуу, Кыргызстандын медициналык адистерин түрк клиникаларында окутуу, […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди өлкөдөн ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга тыюу салынды.   “Токтом” маалыматтык-укуктук порталынын маалыматына ылайык, КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы N 81 Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары (эл аралык транзитти жана КР министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) ташып чыгууга ушул токтом күчүнө […]Читать далее

Аймак

Ош шаарында айлана чөйрөнү көктөндүрүү боюнча үч айлык башталды

Бүгүн Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык боюнча штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.   “Жылда Ошто жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык жарыяланып келет. Андыктан алдыда жасалуучу жумуштарга баарыбыз активдүү […]Читать далее

Билим

Быйыл Кыргызстанда 73 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт

Кыргызстанда бул жылы 73 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы билдирди.   Ал ошондой эле бүтүрүүчүлөргө толук орто билими тууралуу аттестат бекер берилерин белгиледи.Читать далее

Билим

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-25-майда өтөт

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 25-майга чейин өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билимди баалоо жана окутуунун методикалары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.   Ал ЖРТга тестирлөө 29-февралда башталганын жана 4-апрелге чейин аталган борбордун сайтында онлайн жүргүзүлө турганын эске салды.   Батракеева маалымдагандай, каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана […]Читать далее