Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-мартта, Бангладештин премьер-министри Шейх Хасинага көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Ушул жылдын 29-февралында Дакка шаарындагы соода борборунда болгон ири өрттүн кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду жана жабыркады деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан көңүл […]Читать далее
Бүгүн, 1-мартта III Анталия Дипломатиялык форумунун алкагында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн Падышалыгынын тышкы иштер министринин саясий маселелер боюнча орун басары шейх Абдулла бин Ахмед Аль Халифа менен кыскача жолугушуу өткөрдү. КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-бахрейн мамилелеринин ар түрдүү чөйрөлөрдөгү учурдагы абалы боюнча пикир алмашып, бийик жана жогорку […]Читать далее
ДССУ Кыргызстанга өзгөчө кырдаалда кечиктирилгис меджардам көрсөтүү үчүн комплекттерди берди
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кыргызстандагы Улуттук госпиталдын катастрофалык медицина жана шашылыш консультативдик медициналык жардам бөлүмүнө өзгөчө кырдаалдарда жана табигый кырсыктарда кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн комплекттерди акысыз берди. Уюмдан билдиришкендей, гуманитардык жардам атайын тигүүчү материалдар, анестезия жана хирургиялык дренаждар, стерилизация жана интубация комплекттери (ларингоскоп менен), жалпы хирургиялык комплекттерди камтыйт. Өткөрүлүп берилген жүктүн […]Читать далее
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги алдында россиялык өнөктөштөр кура турган 9 билим берүү мекемесинин курулушуна даярдык көрүү боюнча жыйын өттү. Ведомстводон билдиришкендей, жыйынга Билим берүү министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана коомчулук менен байланыштар департаментинин кеңешчиси Иван Соломоненко жетектеген Россия Федерациясынын делегациясы катышты. РФ өкүлдөрү курулуштун техникалык деталдарына токтолушуп, мектептердин дизайны, […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейттин тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхья менен жолугушту. Кыргызстандын тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу бүгүн, 1-мартта Түркияда өтүп жаткан Үчүнчү Анталия дипломатиялык форумунун алкагында өттү. Кыскача баарлашуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле алдыдагы бийик жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Вьетнамдын тышкы иштер министринин орун басары Нгуен Минь Ханг менен жолугушту. Кыргызстан ТИМинен билдиришкендей, жолугушуу Түркияда өтүп жаткан Үчүнчү Анталия дипломатиялык форумунун алкагында өттү. Жолугушууда тараптар кыргыз-вьетнам мамилелеринин ар түрдүү тармактарда, тактап айтканда, саясий, соода-экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө учурдагы абалын жана мындан ары кызматташтыкты тереңдетүү келечегин кылдаттык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-мартта, Рахим Ага Хан Ханзааданы кабыл алды. Кыргыз Республикасы менен Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын (АКДН) ортосундагы, тактап айтканда билим берүү, экология жана жашыл экономика чөйрөлөрүндөгү кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Ханзаада Ага Хан IVнүн эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын тоолуу аймактарында калктын аярлуу катмарынын […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Google корпорациясынын делегациясы менен жолукту. Жолугушууда билим берүү тармагындагы биргелешкен долбоорлор жана окуу процессине заманбап технологияларды киргизүү талкууланды. Тараптар Google программаларын Кыргызстандын мектептин билим берүү системасына интеграциялоону камтыган пилоттук долбоорду ишке киргизүү боюнча макулдашууга жетишти. Бул долбоор республика боюнча билим берүү процессин санариптештирүү жана мугалимдер менен […]Читать далее
“Электр станциялары” ААКтын Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун алкагындына 2024-жылдын 5-мартынан тарта аталган ГЭСтин №4 гидроагрегаты реконстукцияга берилет. Эмгек министрлигинен бюилдиришкендей, “Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо” долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Үч-Коргон ГЭСин учурда жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт. (ар бири 45 МВт болгон 4 блок). Долбоордун ишке ашыруунун негизги максаты: – ГЭСтердин […]Читать далее
2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкармасынын 2023-жылы аткарган иштеринин жыйынтыктары боюнча кеңейтилген жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, комитет төрайымынын орун басары Айбек Маткеримов, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча […]Читать далее