Бишкекте маңзат табылган түнкү клуб жабылды

Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын кызматкерлери Бишкекте түнкү клубду жабышты. Бул тууралуу КР ИИМнин басма сөз кызматы маалымдады.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы УКМ менен биргеликте түнкү клубдарда жана оюн-зоок жайларында баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды сатуу жана колдонуу фактыларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүштү.
2024-жылдын 4-майына караган түнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы, Бишкек шаарындагы жабык түнкү клубда ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Иш-чара жаштардын, ошондой эле борбордун конокторунун арасында баңги заттарды сатуу жана колдонуу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлдү.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө түнкү клубдун конокторунан белгисиз түркүн түстөгү таблеткалар, ошондой эле белгисиз жыты жок суюк зат салынган бөтөлкөлөр табылып, алынды.
Клубга келгендердин өздүгүн ырастоочу документтерин текшерүүдө төмөндөгүлөр аныкталды: республиканын жогорку окуу жайларында окутуучу волонтер болуп иштеген чет мамлекеттердин жарандары экендиги аныкталган.
Баңгизатын колдонгон деп шектелген түнкү клубдун коноктору жана кызматкерлери Республикалык наркология жана психиатрия борборуна медициналык текшерүүгө жеткирилди. Жеткирилгендер синтетикалык баңги затын колдонгондорун ачык айтышты.
Тергөө иш-чараларын жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн ички иштер органдарына клубдун администраторлору, тейлөө кызматкерлери жана коноктору жеткирилди.
Алынган заттар Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза борборунун эксперттерине жөнөтүлдү.
Учурда түнкү клубдун иштөөсү токтотулуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат, жыйынтыгы менен түнкү клубдун ээсине карата процессуалдык чечимдер кабыл алынат.

Связанный пост