Кыргызстандын аймагында 9 мектеп жана 2 бала бакча пайдаланууга берилди

Кыргызстандын аймагында бүгүн, 6-майда 9 мектеп жана 2 бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалымат ылайык, анын ичинен Ош шаарында жаңы курулуп бүткөн Исхак Раззаков атындагы 720 орундуу мектеп-гимназиясы президент Садыр Жапаров жана Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин катышуусунда ачылды.

Иш-чарада Нурдан Орунтаев мектептер боюнча баяндама берди.

Ал эми калган 10 билим берүү объетинин ачылышына президент онлайн катышты:

1. Бишкек шаарынын Нижняя Ала-Арча айыл аймагындагы 375 орундуу кошумча корпусу;
2. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылындагы 500 орундуу мектеби;
3. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылындагы 150 орундуу мектеби;
4. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Шапак айылындагы 150 орундуу мектеби;
5. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Семеновка айылындагы 225 орундуу мектеби;
6. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылындагы 450 орундуу мектеби;
7. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ичке-Суу айылындагы 150 орундуу мектеби;
8. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №7 120 орундуу бала бакчасы;
9. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №12 120 орундуу бала бакчасы;
10. Ош облусунун Алай районуна караштуу Арпа-Тектир айылындагы 225 орундуу мектеби.

Связанный пост