Коом

Өлкө аймагында “Кооптуу жүк” жана “Оор жүк” рейддик иш-чаралары өтүүдө

Өлкө аймагында “Кооптуу жүк” жана “Оор жүк” рейддик иш-чаралары өтүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 13-августтан бүгүнкү күнгө чейин мыйзам бузган тараптарга жалпы 97 млн 973 миң сом айып салынды. Рейддик иш-чаралар акыркы учурларда оор жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар тарабынан жол кырсыктары катталып, адам өлүмү менен коштолгон учурлар […]Читать далее

Министрлер кабинети

Касымалиев “Beeline” менен “Элдик Банктын” бириккендигине арналган иш-чарага катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Скай Мобайл” компаниясы (Beeline бренди) менен “Элдик Банк” ААКнын бириккендигине арналган иш-чарага катышты. Белгилей кетсек, “Элдик Банк” ААКсы “Скай Мобайл” компаниясынын 100% акциясына ээ болгон. Министрлер Кабинетинин Төрагасы бул санариптик экосистеманын курулушунун башталышы экенин, мында банк жана телекоммуникациялык кызматтар, электрондук төлөмдөр, электрондук […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бишкекте «Заковат» эл аралык турниринин ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Саида Мирзиёева менен бирге «Заковат» интеллектуалдык оюнунун эл аралык турниринин ачылыш аземине катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Бишкек шаарында “Заковат” интеллектуалдык оюну боюнча  ачык Азия чемпионатын уюштуруу демилгесин жеке өзү көтөрүп чыккан Саида Мирзиёевага ыраазычылык билдирди. Өзбекстан Республикасынын […]Читать далее

Аймак

Нарын шаарында 1,1 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Нарын шаарындагы “Республикалык автоэксплуатациялык” бирикмесине тиешелүү болгон 1,1 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жер 1972-жылы Нарын шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин чечими боюнча “Республикалык автотехникалык тейлөө” бирикмесине техникалык тейлөө станциясын куруу үчүн берилген. Андан ары 1992-жылдын январында Мамлекеттик мүлк фондунун башкармалыгынын 1993-жылдын 12-февралындагы токтомуна ылайык, бул ишкананын базасында […]Читать далее

Билим

Агартуу министрлиги жаңы окуу жылында мектеп формасы кандай болорун айтты

1-12-класстын окуучулары быйылкы жаңы окуу жылында мурдагы жылдардай эле форма кийишет. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эркек балдар үчүн классикалык стилде тигилген көйнөктөрү ак түстүү, ал эми шым, костюм, жилеттери кара, күрөң, көк жана кочкул кызыл түстүү болушу шарт. Балдардын мектеп формасынын комплектисине классикалык формада тигилген галстукту кошууга болот. Кыздар үчүн мектеп формасы […]Читать далее

Коом

Бишкек жана Чүйдө жолдорго чектөө киргизилет

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Чектөөлөр 21-22-август күндөрү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына байланыштуу киргизилүүдө. Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу коомдук тартипти сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга 3500гө жакын милиция кызматкери тартылат. Ички иштер органдарынын кызматкерлери расмий иш-чараларды […]Читать далее

Аймак

Жети-Өгүздө мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөр мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районундагы мектеп-интернатынын имаратынын мыйзамсыз менчиктештирилген бир бөлүгү мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалымтка караганда, 2003-жылы Жети-Өгүз районунун аймагында мектеп-интернатынын имаратынын 468 чарчы метр бөлүгү жана ага чектеш Барскоон айылында жайгашкан аянты 4847 чарчы метр имарат мыйзамсыз түрдө жеке менчикке чыгарылган. Андан ары имараттар “Б” ЖЧКсынын жеке менчигине сатылып кеткен. Жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында […]Читать далее

Министрлер кабинети

Министрлер кабинети көрүстөндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитти

Министрлер кабинети Кыргызстандын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин токтом менен бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Мындай чечим ылайык көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо эрежелерин, анын ичинде шарттарын, мөөнөттөрүн, наркын жана тариздөө жол-жобосун аныктайт. Тартиптин максатты – жарандардын сөөгүн жайга кадыр-барктуу коюуга болгон укуктарын камсыз кылуу, санитардык, экологиялык, шаар куруу жана диний-маданий […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Саида Мирзиёева менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстан президентинин Администрациясынын Жетекчиси Саида Мирзиёева менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Адылбек Касымалиев Өзбекстан Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, аймактар аралык кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп жатканын, биргелешкен ишканалардын саны көбөйүп, эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосундагы байланыштар активдешип жатканын кошумчалады. […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеваны кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта, Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеваны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык жана билим берүү байланыштарын чыңдоону талкуулашты. Мамлекет башчысы Өзбекстандын президенти менен биргелешкен күч-аракеттердин аркасында кыргыз-өзбек алакалары мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгүп, чыңдалып жатканын белгиледи. Өз кезегинде […]Читать далее