Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен Улуттук камсыздандыруу компаниясы биргелешип, «Камсыздандыруу» долбоорун ишке ашырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Кызмат» ММнин директорунун орун басары Нурлан Айдиев билдирди. Айдиев белгилегендей, бул заманбап санариптик чечим камсыздандыруу кызматтарынын ачыктыгын, натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Системанын бэк-офисин «Кызмат» ММ иштеп чыккан, ал эми фронт-офис «Түндүк» […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну талкуулоо боюнча консультативдик жыйын өттү. Жыйындын ачылышында эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Улуттук программа өлкөнүн орто мөөнөттүү өнүгүүсүнүн приоритеттерин аныктап, глобалдык Туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келерин белгиледи. “Улуттук программанын IX бөлүмү – “Социалдык өнүгүү” […]Читать далее
7 айда Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 29 учур катталган. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, натыйжада 445,3 тонна жүк артка кайтарылды. Анын ичинде 70 515 көчөт жана 11 387 даана гүл аныкталган. Анын ичинен: Казакстандан — 193,9 тонна; Россиядан — 69 тонна; Өзбекстандан […]Читать далее
Президент Касым-Жомарт Токаев 21-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. «Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын тар курамда эки жактуу сүйлөшүүлөрү жана Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жетинчи жыйыны өтөт. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана коммерция министринин орун басары жана Ветеринардык кызматтын директору айыл чарба малдарын экспорттоого квота бөлүштүрүүдө коррупциялык схеманы уюштурганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде […]Читать далее
«Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында бир катар мамлекеттик кызматкерлерди сыйланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында реформаларды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, бул программанын алкагында 4 багыт боюнча реформалар жүргүзүлдү, алардын ичинде: айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн зарыл болгон медициналык маалымкатты алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү; ири габариттүү жана оор жүк ташуу үчүн […]Читать далее
Президенттин Администрациясында мамлекеттик түзүлүштү бюрократиядан арылтуу боюнча иш-чаралардын төртүнчү пакети
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик системаны бюрократиядан арылтуу боюнча реформаларды ишке ашырууга арналган Ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болуп өттү. Отурумда мамлекеттик башкарууну оптималдаштырууга жана мамлекеттик аппараттын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралардын төртүнчү пакетин сунуштоого жана кеңири талкуулоого басым жасалды. Реформалардын жаңы пакети билим берүү, маданият […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө республиканын бардык аймагында, өзгөчө Жалал-Абад облусунда майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелер кенен каралды. Адылбек Касымалиев бардык пландаштырылган иш-чаралардын, анын ичинде жаңы ишканалардын жана […]Читать далее
Бүгүн Сузак районунун Орто-Сай айылында заманбап “Цзиянъ” ЖЧКсынын кум-шагыл жана бетон өндүрүүчү заводу ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев катышты. Ишкананын кубаттуулугу күнүнө 1500 куб метр кум-шагыл аралашмасын жана 1500 куб метр бетон өндүрүүгө жетет. Өндүрүш объектиси курулуш тармагын керектүү материалдар менен камсыздап, 30дан ашуун […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койду, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Ажикеев Бообек Эргешевичке “генерал-лейтенант” жогорку аскердик наамы ыйгарылды.Читать далее