Кырсык

Аскер бөлүктөрүнүн биринде жоокер каза болду

Бүгүн 2022 аскер бөлүгүнүн тарамдарынын биринде мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысы, катардагы жоокер И.у.А. асынып, өзүнө кол салган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча дароо тийиштүү укук коргоо органдары кабардар болду. Ведомство тарабынан бардык жагдайларды жана окуянын себебин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө дайындалды.Читать далее

Коом

Ысык-Көлдүн жээгинде ишембилик өткөрүлдү

Бүгүн Ысык-Көлдүн жээгинде экологияны сактоо багытында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти. Иш-чара облустун бардык шаарлары жана райондорунун көл жээк аймактарын камтыды. Ишембиликке Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрациялары, шаар мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-уюмдардын, ошондой эле эс алуу жайларынын кызматкерлери кеңири катышты. Иш-чаранын негизги максаты жарандардын экологиялык […]Читать далее

Саясат

Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу ачылды

Бүгүн Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу расмий ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Казакстандын Конституция күнүнө карата уюштурулду. Ачылышка президенттин өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Ермухамед Конуспаев жана шаардагы башка консулдук өкүлдөрү катышты. Өз […]Читать далее

Аймак

Барскоон суусунун нугун мыйзамсыз өзгөртүүдөн мамлекетке 2,5 млн сомдон ашык

Барскоон суусунун нугун мыйзамсыз өзгөртүүдөн мамлекетке 2,5 млн сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Барскоон айылынын тургуну Т.К.Ш. тарабынан берилген арыздын негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтүнө пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө Барскоон айыл аймагынын №15 контурунда Барскоон […]Читать далее

Коом

Онлайн кызматтардын популярдуулугу артууда

Онлайн кызматтардын популярдуулугу артууда. Бүгүнкү күндө жарандарды жашаган жери боюнча онлайн каттоонун саны – жүз миңге жетип калды. Ал эми паспорт алгандардын саны – миңден ашты. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Нурлан Айдиев билдирди. Нурлан Айдиевдин айтымында, «Кызмат» ММ мамлекеттик санариптештирүү аймагындагы лидерлердин бири болуп саналат. “Бардык мамлекеттик […]Читать далее

Коом

Суу ресурстары кызматына 17 атайын техника тапшырылды

Суу ресурстары кызматына ирригациялык каналдарды тейлөө үчүн заманбап 17 атайын техника тапшырылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, техникалар Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан каржыланган “Ирригациялык каналдарды тейлөө үчүн техникалык камсыздоону жакшыртуу” аттуу гранттык долбоорунун алкагында берилди. Тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри […]Читать далее

Коом

Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштери уланууда

Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Министрлик акыркы 4 жылда генерацияны көбөйтүү максатында эскирген ири ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоого өзгөчө көңүл бөлүүдө. Учурда “Электр станциялар” ААКтын Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын реконструкция иштери күчөтүлгөн режимде жүрүүдө. Иш үчүн зарыл жабдуулардын 94 пайызы жеткирилген. Коюлган планга ылайык, жумушчу топ объектти күз-кыш мезгилине карата өз […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн келечеги талкууланды

Күн мурун Кыргызстандын элчиси Максат Мамытканов Азербайжанжын экономика министринин биринчи орун басары Элнур Алиев менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык маселелери, атап айтканда азербайжан тараптын Кыргызстандын энергетика тармагында долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана эки өлкө ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуунун келечеги талкууланды. Маектештер ошондой эле […]Читать далее

Спорт

К2 чокусун багындырган альпинист Эдуард Кубатов өлкөгө кайтып келди

Бүгүн, 20-августта Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти, альпинист Эдуард Кубатов “Манас” эл аралык аэропортуна учуп келди. Ал 11-августта К2 чокусуна кычкылтек колдонбостон ийгиликтүү чыккан. Пакистан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан Каракорум тоо кыркасындагы К2 чокусу дүйнөдөгү бийиктиги жагынан экинчи орунда турат, бийиктиги 8614 метр. Эдуард Кубатов быйылкы сезон өзгөчө оорго турганын айтты. “Кар көп жаап, кар […]Читать далее

Укук тартиби

Кыргызстан жана Казакстанда адам өлтүрүүгө шектүү Литвада кармалды

Кыргызстан жана Казакстанда адам өлтүрүүгө шектүү Литвада кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, ушул жылдын август айында Литванын аймагынан КР ИИМдин кайрылуусу боюнча эл аралык издөөдө жүргөн, криминалдык чөйрөдө “Детина” деген каймана аты менен белгилүү болгон 1979-жылы туулган Ю.Ю. аттуу жаран жүздү таануу технологиясынын жардамы менен кармалган. Ал буга чейин Ш.А. […]Читать далее