Коом

МСК: Орто бизнестин өкүлдөрү ай сайын бирдиктүү салык отчетун берүүгө

Мамлекеттик салык кызматы орто ишкердик субъекттери салык органдарына ай сайын бирдиктүү салык боюнча отчет берүүгө милдеттүү экенин эскертет. Ведомстводон белгилешкендей, ал отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети же “Salyk.kg” мобилдик тиркемеси аркылуу берилиши керек. Салык отчетун белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн салыктык санкциялар каралган. Ар бир кечиктирилген отчет үчүн айып салынат. Белгилей кетсек, […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров: Кыргызстандын банктарына санкция салуу – далилсиз кадам

Президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана АКШ өкмөтү тарабынан Кыргызстандын айрым банктарына киргизилген санкцияларына жооп берип, кыргыз банктары Россияга каршы Батыштын чектөөлөрүн айланып өтүүгө катышканын тастыктаган бир да далил жок экенин билдирди. Мамлекет башчысы батыш мамлекеттеринин Кыргызстанга карата мындай каршы кадамдарын экономиканы саясатташтыруунун белгиси катары баалады. — Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Бул жолу өлкөбүздүн финансы тутумуна байланышкан […]Читать далее

Аймак

Ысык-Көлдүн жээгинде 155 гектарга жакын аймак тазаланды

Ысык-Көлдүн жээгинде 155 гектарга жакын аймак тазаланды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун Ысык-Көл облусунда жалпы облустук ишембилик өттү. Ишембиликке 253 мекеме жана уюмдардын 3 миңге жакын кызматкерлери катышып, көл жээгинин тазалыгына өз салымдарын кошушту. Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн жээгиндеги болжол менен 155 гектар аймак таштандыдан тазаланды. “Бул демилге Ысык-Көлдүн кооздугун жана экологиялык өзгөчөлүгүн […]Читать далее

Коом

Туманбаев: Кызматкерлерге шарт түзүү коррупция тобокелчиликтерин азайтат

Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев башкармалыкка караган уюмдардын жетекчилери менен коррупцияны алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү. Анын айтымында, коррупция – мамлекеттин өнүгүшүнө эң чоң тоскоол. Ал экономикага зыян алып келет, элдин бийликке болгон ишенимин азайтат жана ар бир жарандын келечегине түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан бул багыттагы күрөш – ар бир жетекчинин жана кызматкердин жеке […]Читать далее

Коом

Турак жайын камсыздандыргандарга 20 млн сомдон ашык каражат төлөндү

Турак жайларды милдетүү камсыздандыруу боюнча 2025-жылы 183 камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан кабарлашты. Маалыматка таянсак, өлкө боюнча жарандарга жалпысынан 20,27 млн сом төлөнүп берилди. Бүгүнкү күндө турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишимдердин саны 372 миң 213кө жетти. Өлкөдө жалпы турак жайлардын саны 1 млн 251 миң 515ти түзөт.Читать далее

Коом

ОСАГО боюнча келишимдердин саны 278 миң 971ге жетти

Авто жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча 2025-жылдын 1-январынан 20-августуна чейин келишимдердин саны 278 миң 971ге жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка караганда, бул жалпы катталган автоунаалардын 16,66%ын түзөт. Салыштыра турган болсок, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине карата болгону 4,4% (73 920 келишим) болгон. Эң чоң өсүш кайсы аймактарда байкалууда: Бишкек шаары […]Читать далее

Коом

Кыргызстан менен Кытайдын Нарында жаңы аба өткөрмө пункту ачылат

Кыргызстан менен Кытай ортосунда 20-августта Нарын облусунун аймагында жаңы аба чекитин (аба өткөрмө пунктун) ачуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытайдын Караколдун аймагында иштеп жаткан аба өткөрмө пункту бар. Эми Нарындын түштүгүндө дагы бир жаңы чекит ачылууда. Муну жүргүнчү жана жүк ташуучу учактар […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абадда Кытай өкүлдөрүнө инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Кытайдын Мамлекеттик курулуш корпорациясынын Инфраструктуралык курулуш департаментинин өкүлү Джоу Цзе менен жолукту. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйынга Базар-Коргон районунун акими, Кара-Көл жана Майлуу-Суу шаарларынын мэри, Соода-өнөр жай палатасынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн жана Майлуу-Суу лампа заводунун жетекчиси катышты. Мында тараптар Жалал-Абад облусундагы артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Жолугушууда Базар-Коргон району, […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда 372 миңден ашык турак жай камсыздандырылды

Бүгүнкү күндө турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишимдердин саны 372 миң 213кө жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы турак жайлардын саны 1 млн 251 миң 515ти түзөт. Милдеттүү камсыздандырылган келишимдердин саны жалпы турак жай фондунун 29,7%ы болуп саналат. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу деңгээли болгону 12,3% (151 миң 91 […]Читать далее

Коом

Жыл башынан бери өлкөдө 278 миңден ашык унаа камсыздандырылды

2025-жылдын 20-августуна чейин жалпысынан 278 971 автоунаа камсыздандырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 1-июлдан 28-июлга чейин 38 миң 345 жаңы полис берилген. Уюмдан белгилешкендей, бул көрсөткүч жарандардын мыйзамга баш үйүүсү жогорулап жатканын тастыктап турат.Читать далее