Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жөнүндө ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 229га жетти. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. БШК маалымдагандай, жарандардан арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. 10-ноябрда шайлоого катыша турган талапкерлердин үгүт иштери башталат.Читать далее
Манас шаарында айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбору мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Тактап айтканда, аталган мекеменин жооптуу кызмат адамдары жеке менчик авто мектептердин инструкторлору […]Читать далее
Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран качып кеткен учурда жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Буга чейин ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Ак-Ордо жаңы конушунда эки адамды өлтүрүүгө шектүү 2006-жылы туулган И.С. кармалган. “Бүгүн, 14-октябрь күнү Чүй облусунун Кемин районунда кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин […]Читать далее
Агартуу министрлигинде БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАТП) жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басары Алберт Махметкулов, министрликтин тийиштүү башкармалыктарынын башчылары, ДАТПнын Кыргызстандагы мектепте тамактандыруу программасынын башчысы Ли Джунель жана Дүйнөлүк банктын билим берүү боюнча улук адиси Гүлмира Султанова катышты. Жолугушууда “Келечек […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, үчүнчү өлкөлөрдө резиденциясы менен аккредитацияланган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды. Ишеним грамоталарын Словения Республикасынын Элчиси Аленка Сухадольник, Италия Республикасынын Элчиси Антонелло Де Риу, Экваториалдык Гвинея Республикасынын Элчиси Лусиано Нкого Ндонг Айекаба, Бельгия Королдугунун Элчиси Эрик Де Майер жана Гватемала Республикасынын Элчиси Эдуардо Энрика Эрнандес […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алтамаш Вазир Ханды ишеним грамоталарын тапшыруусуна байланыштуу кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчысы Пакистан эл аралык жана регионалдык мамилелер системасында маанилүү орунду ээлей турганын жана Кыргызстан Пакистан менен эки жана көп тараптуу форматта […]Читать далее
Өлүм жазасыбоюнча Президенттин администрациясы Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоорун талкууга койду
Президенттик аппарат балдарга жана аялдарга карата өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын белгилөө мүмкүнчүлүгүн караган “КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Түшүндүрмө катта белгиленгендей, мыйзам долбоорунун максаты балдардын жана аялдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону күчөтүү болуп саналат. Балдар жана аялдар Конституцияда мамлекеттин жогорку баалуулуктарына киргизилген, ал эми […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфлону ишеним грамоталарын тапшыруусуна байланыштуу кабыл алды. Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды. Садыр Жапаров Кыргызстандын Европа биримдиги менен өз ара аракеттенүүсүн мындан ары да чыңдоого даярдыгын ырастады. Өз кезегинде Реми Дюфло Европа биримдигинин Кыргызстан менен байланышты […]Читать далее
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо. “Ынтымак Ордодо” республикалык штабдын алгачкы жыйыны өттү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын биринчи отурумун өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө шайлоо комиссияларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана шайлоону ачык-айкын өткөрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча негизги маселелер талкууланды. Минкаб төрагасы мамлекет шайлоо процессин мыйзамды так сактоо […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерлини ишеним грамоталарын тапшыргандыгына байланыштуу кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы саясий диалогдун оң динамикасына чын ыкластан кубанарын белгиледи. Садыр Жапаров эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн сактоо жана мындан ары да көбөйтүү үчүн биргелешкен аракеттердин зарылдыгын […]Читать далее