“Кумтөр Голд Компани” акыркы 2 жылда Ысык-Көл облусуна 147 млн сом бөлгөн. Бул тууралуу “Кумтор Голд Компани” ЖАК башкармалыгынын төрагасы Бузурман Субановдун облус башчысы Бакытбек Жетигенов менен болгон жолугушуусунда айтылды. Компаниядан билдиришкендей, бул каражат облустун аймагында социалдык долбоорлорду колдоого багытталган. Жолугушууда компаниянын 2024-жылдагы көрсөткүчтөрү жана алдыдагы пландары, Кумтөр ишканасынын Ысык-Көл облусунда ишке ашырып жаткан долбоорлору […]Читать далее
IT-хаб ишкерлердин бири-бирине жол көрсөтүп, IT тармагында өнүүгүгө карай бирге бет алуучу аянтчасы болот. Бул тууралуу “Технопарк” IT-хабынын ачылышы аземинде санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов билдирди. Министрдин айтымында, IT-хабдагы компания-резиденттерди жеке жана мамлекеттик деп бөлүп кароого болбойт. “IT технологиясы жеке жана мамлекеттик компаниялардын жардамында өнүгөт. Андыктан, аларды жеке жана мамлекеттик деп бөлүп […]Читать далее
Кыргызстанга Кытайдан сапаттуу металл материалдарын алып келүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, Кытай Республикасынын Үрүмчү шаарындагы металлургиялык заводдордун жана комбинаттардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышкан. “Бүгүнкү күндө Кытай дүйнөдөгү алдыңкы экономикалардын бири болуп саналат. Курулуш темптери боюнча көптөгөн өлкөлөрдү артта калтырып, асман тиреген имараттарды жана […]Читать далее
Жакында “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болгон маалымкаттарды жана маалыматтарды кагаз түрүндө берүү токтотулат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги Азамат Кадыралиев билдирди. Анын айтымында, 2025-жылдын 14-апрелинен тартып Бишкек жана Ош шаарларында, ал эми 2025-жылдын 1-майынан тартып республиканын бардык аймактарында маалымкаттарды жана маалыматтарды кагаз түрүндө […]Читать далее
Мектептерге бардык балдар кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Ведомстводон белгилешкендей, ар бир бала билим алууга укуктуу. “Ал эми эмдөө маселеси боюнча дарыгер уруксат берген учурда тиешелүү эмдөөлөрдү ар бир бала өз убагында алат. Кээ бир учурларда жүйөлүү себептер менен дарыгер убактылуу эмдөөлөргө уруксат бербеши мүмкүн. Бирок бардык балдар медициналык кароодон […]Читать далее
Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата кызамык боюнча эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, өлкө боюнча 5168 учур катталды. КР “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамынын 84-беренесинин 1-пунктунун 2-подпунктуна ылайык, инфекциялык оорулардын массалык жайылышы же эпидемия коркунучу жаралган учурда эмдөө албаган жарандарды билим берүү уюмдарына кабыл алуу убактылуу чектелиши мүмкүн. Бул, биринчи кезекте, мектепке чейинки […]Читать далее
Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2025-жылдын январь-март айларында жүргүнчү жана жүк ташыган 205 миң 747 унаа текшерилди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 1883 протокол түзүлдү. Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча […]Читать далее
Бишкек – Ош унаа жолунда аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, учурда иштер №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан трассанын 91-93-чакырымдар аралыгында уланууда. Ишкана Бишкек – Ош унаа жолунун 60-209-чакырымдар аралыгын тейлейт. Азыркы тапта жолчулар тарабынан 626 м2 аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери аткарылды. Алдыда жумуштар планга ылайык уланат. […]Читать далее
Адылбек Касымалиев социалдык кызматкерлерге кызматтык унаалардын ачкычын тапшырды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кызматтык унааларды салтанаттуу тапшыруу аземине катышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. Бул демилгенин алкагында министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө жаңы 77 даана “Chevrolet Tracker” […]Читать далее
“Манас” аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери күз айларында аяктайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, аэрпорттун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. “Оңдоо иштери быйыл октябрь-ноябрда соңуна чыгат. Муну менен биринчиден, учуп-конуу тилкеси жаңыртылып, ага учактардын жумшак конуусуна шарт түзүлөт. Экинчиден, ремонт иштеринин жүрүшүндө учактардын конуусуна белги […]Читать далее