Экономика

МСК: Күйүүчү майды маркалоодон кийин салык кирешелери жарым жылда 34,2

Күйүүчү майды милдеттүү маркалоо тутуму ишке киргенден баштап алты айдын ичинде – 2024-жылдын 1-октябрынан 2025-жылдын 31-мартына чейин, мунай-трейдерлерден мамлекеттик бюджетке 14,9 млрд сом салык түшкөн. Бул тууралуу Салык кызматына караштуу “Салык сервис” мамлекеттик мекемеси билдирет. Бул 2023-2024-жылдардын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 млрд сомго же 34,2 %га көп. Анын ичинде акциз салыгы боюнча түшүүлөр 700 млн […]Читать далее

Билим

Мугалимдер үчүн отчеттуулукту азайтуу пландалууда

Билим берүү жана илим министрлиги министрлер кабинети жүргүзүп жаткан бюрократиядан арылуу саясатынын алкагында мугалимдерден талап кылынган отчетторду кыскартуу жана оптималдаштыруу боюнча системдүү ишке киришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда мугалимдер үзгүлтүксүз тапшырууга милдеттүү болгон бардык түрдөгү отчеттор кылдат анализден өткөрүлүүдө. Бул максатта атайын жумушчу топ түзүлүп, анын курамына жалпы билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, райондук билим берүү […]Читать далее

Коом

Балыкчы шаарында 3 км темир жолу оңдолду

Балыкчы шаарында 3 км темир жолу оңдолду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы маалымдады. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында темир жолду капиталдык оңдоп-түзөө иштери уланып жатат. Оңдоо иштери аяктагандан кийин жүргүнчүлөр поезд менен түз эле Балыкчынын көл жээгине чейин жете алышат. Негизги иштер: – Эски рельстерди Р 65 тибиндеги рельстерге алмаштыруу; – Жыгач шпалдарды темир-бетон […]Читать далее

Министрлер кабинети

Эдил Байсалов Санкт-Петербургдагы Пискарев мемориалдык көрүстөнүнө гүлчамбар коюу аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында Пискарев мемориалдык көрүстөнүндөгү “Мекен – эне” монументине гүлчамбар коюу аземине катышты. Өкмөттүк делегация Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан гүлчамбар коюп, курман болгондорду бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерди. Салтанат Улуу Ата Мекендик согуштун миллиондогон курмандыктарына, анын ичинде Ленинград […]Читать далее

Ден соолук

Травматология жана ортопедия улуттук борбору жөнүндө жобо бекитилди

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борбору жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул жобо борбордун ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт. Белгилей кетсек, Травматология жана ортопедия улуттук борбору жогорку технологиялык жабдууларды, алдыңкы илимий жетишкендиктерди колдонуу жана жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен чоңдор жана балдар травматологиясы, […]Читать далее

Коом

Айыл чарба министрлиги: Өлкөдө дан эгиндеринин үрөнү менен камсыздоо 94%ды

Кыргызстанда дан эгиндеринин үрөнү менен камсыздоо 94 пайызды түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 2025-жылдын жаздык айдап себүүсүнө республика боюнча 64,6 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелсе, үрөнчүлүк чарбалар жана чарба субъекттери тарабынан 60,8 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолгон же камсыздалганы 94% […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Бишкекте «Технопарк» IT-хабын ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Бишкек шаарындагы «Технопарк» IT-хабынын ачылышына катышты. Мамлекет башчыны IT тармагын өнүктүрүү жаатында алектенген Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын колдоосу менен ата-мекендик программисттер жасаган БилимБот роботу мамлекеттик тилде саламдашып тосуп алды. Борборду кыдыруу учурунда Президентке IT-хабдын резиденттери, анын ичинде Кыргызстандагы соода жүргүзуүү, жумуш жана турак жай издөө боюнча эң ири […]Читать далее

Экономика

«Айыл чарбасын каржылоо -13» долбоорунун алкагында жалпы 2652 насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо -13» долбоору боюнча 2025 -жылдын 10-апрелине карата берилген насыялар боюнча кыскача маалымат. “Өсүмдүк өстүрүү” боюнча жалпы 229 млн 466,0 миң сомго 480 насыя берилди. банктар боюнча алганда: – “Айыл Банк” ААК – 118 млн306,0 миң сомго 258 насыя – “Элдик Банк” ААК – 111 млн 160,0 миң сомго 222 насыя. “Мал чарбачылык” […]Читать далее

Укук тартиби

Аскер кызматкерлеринин катышуусунда жасалган каракчылык фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө

Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигине караштуу аскер кызматкерлеринин катышуусунда жасалган каракчылык фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын башында кылмыштуу топтун 10дон ашуун мүчөсү борбор калаадагы үйлөрдүн бирине кирип, үй ээлерин күч колдонуу жана коркутуу жолу менен ири суммадагы акча каражаттарын тартып алышкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө Ички иштер […]Читать далее

Коом

Айыл чарба министрлиги: Сүттүн баасы майлуулугуна жараша аныкталат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сүттүн баасы майлуулугуна жараша аныкталарын билдирет. Белгиленгендей, министрликтин демилгеси менен эки жылдан бери сүт өнөр жайын өнүктүрүү жана сүт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө арналган алгылыктуу иштер аткарылууда. Анткени, жыл сайын апрель айынан июнь айына чейин Кыргызстанда сүттүн сатып алуу баасы төмөндөп, ар дайым маселе жаралат. Мындан […]Читать далее