Президент

Президент Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган жаңы турак жай

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде, Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жай комплексинин салтанаттуу ачылышына катышты. Мамлекет башчысы элибизди турак жай менен камсыз кылуу — өлкө бийлигинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин баса көрсөтүп,  Кыргызстан боюнча үй куруу иштери кызуу жүрүп жатканын айтты. «Бүгүн мамлекеттик турак жай саясатынын иш жүзүндөгү […]Читать далее

Коом

Бишкекте 21-апрелде ысык суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 21-апрелден 31-майга чейин ысык суу өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу жыл сайын профилактикалык иштерин жана жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу үчүн өчүрүлүп келет.Читать далее

Экономика

“Кыргызалтындын” акционерлери пайданын 75%ын бюджетке төлөөнү жактырды

Бүгүн “Кыргызалтын” ААКта акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өттү. Компаниядан билдиришкендей, анда компаниянын тоо-кен тармагындагы ишмердүүлүгүнүн туруктуулугун тастыктаган маанилүү финансылык жана уюштуруу жыйынтыктары жарыяланды. Отурумдун жүрүшүндө коомдун 2024-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү, бюджеттин аткарылышы жана негизги көрсөткүчтөрүнө баа берүү боюнча отчеттор каралып, коомдун мындан аркы пландары жана стратегиялык милдеттери талкууланды. “Кыргызалтын” ААКы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата […]Читать далее

Президент

Президент: Мен турак-жайга муктаж болгон ар бир адам үйлүү болсо

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде, Бишкек шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган батирлерди тапшыруу аземинде “Мен турак-жайга муктаж болгон ар бир адам үйлүү болсо деп кыялданам, үйлүү болсоңор кубанам!”,- деп белгиледи. Мамлекет башчысынын сөзү: “Кымбаттуу мекендештер! Борбор калаабыздын урматтуу тургундары! Элибизди турак жай менен камсыз кылуу — Бул биздин алдыбыздагы эң башкы артыкчылыктуу […]Читать далее

Министрлер кабинети

Данияр Амангелдиев “Евразия экономикалык биримдикке 10 жыл” медалдарын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык биримдигинин 10 жылдыгына арналган медалдарды тапшыруу аземине катышты. “Бул жогорку сыйлык сиздердин сиңирген эмгегиңиздерди, кесипкөйлүгүңүздөрдү жана Евразия экономикалык биримдигин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу жеке салымыңыздарды баалоо болуп саналат”, – деп белгиледи Данияр Амангелдиев. Ал ошондой эле медалды тапшыруу чечимине ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Президенттери былтыр […]Читать далее

Коом

Бишкектеги № 93 бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды

№ 93 бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Алынган объект Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 55А дарегинде жайгашкан, жалпы жер тилкесинин жалпы аянты 0,32 гектарды түзөт. Атайын кызмат 872,8 чарчы метрди түзгөн аталган бала бакчанын имараты чет өлкөлүк уюмдун жеке менчигине мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысын аныктады. Алсак, 1995-жылы №93 бала […]Читать далее

Ден соолук

Бишкекте 3 жаранга бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды

Бишкекте өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган Кыргызстандын 3 жаранына бөйрөк алмаштыруу операциялары ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Операциялар 7-9-апрель күндөрү Реджеп Тайип Эрдоган атындагы кыргыз-түрк достугу ооруканасында өттү. Операцияларды Түркиядан келген жогорку квалификациялуу трансплантологдордун тобу жүргүздү. Бул иш-чара Кыргызстан менен Түркиянын Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда 2024-жылдын 5-ноябрында түзүлгөн органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу боюнча […]Читать далее

Министрлер кабинети

Өлкөнүн ишкана-мекемелерине 2023–2024-жылдар үчүн Сапат сыйлыгы тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын 2023–2024-жылдар үчүн Сапат боюнча сыйлыгына ээ болгон ишканаларды жана мекемелерди сыйлоо аземине катышты. Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, бул иш-чаранын абдан маанилүүлүгүн, акыркы 25 жылдан бери бул конкурс өлкөбүздөгү […]Читать далее

Коом

Каныбек Туманбаев: Жакында өлкөнүн бир катар аймактарында ипотекалык батирлердин ачкычтары

Жакынкы күндөрү өлкөнүн бир катар аймактарында ипотекалык батирлердин ачкычтары тапшырылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Чыңгыз Айтматов проспектиси, 102/1 дарегинде жайгашкан ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземинде билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча учурда 62 миңге жакын ипотекалык батирлер курулуп жатат. Ал эми кезекте тургандардын саны 45 миңди түзөт. Курулуп жаткан үйлөр жакын арада […]Читать далее