Министрлер кабинети

Эдил Байсалов Пакистандын элчиси менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту. Жолугушууда минкаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов Пакистан Кыргызстандын тышкы саясатында маанилүү орунду ээлей турганын белгилеп, эки тараптуу мамиле жылдан жылга бекемделип, анын жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүлүшүнө жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады. Өз кезегинде Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам […]Читать далее

Коом

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун ачылышы кийинки жылга жылдырылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун ачылышы 2026-жылга жылдырылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аталган жолго кошумча 2 галерея жана 3 эстакадалык көпүрө курулат. Мындай чечим жолдун кооптуу тилкелерине жүргүзүлгөн көп жылдык (курулуш иштери башталгандан бери) илимий байкоолордун жыйынтыгы менен кабыл алынды. Жумуштар жолдун 331+924, 338+410-чакырымдарында жүрүп, анда чоң көлөмдө түшө турган кар көчкүдөн коргоочу 2 галерея курулат. […]Читать далее

Коом

Абхаз, армян номерлүү унаалардын ээлерине жеңилдиктер берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев абхаз, армян номерлүү унаалардын ээлери менен жолукту. Атайын кызматтан билдиришкендей, жыйынга тийиштүү мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери да катышты. Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармактарда абхаз, армян номурлуу унаалардын айрым ээлери машинелерди мыйзамдаштыруу процесси боюнча өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошкон. Мындан улам Ташиев президент […]Читать далее

Аймак

Кара-Суу районунда жалпы аянты 10 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү жана аны мамлекеттин менчигине кайтаруу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында жайгашкан мурдагы “Кара-Суу канаттуулар фабрикасынын” аймагын жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды.        Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2003-жылы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарын бузуу менен мурда “Кара-Суу канаттуулар […]Читать далее

Укук тартиби

Баткенде 12 тонна маркасы жок дизелдик отун аныкталды

Баткен облусундагы май куюучу станцияларынын биринде маркасы жок дизелдик отунду сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет. Ведомстводон билдиришкендей, майдын жалпы көлөмү 12 689 литрди, ал эми жалпы суммасы 946 599 сомду түздү. Аталган факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, учурда материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн аймактык көзөмөл органына өткөрүп берүү үчүн даярдалып […]Читать далее

Коом

Бишкек – Худжанд – Бишкек үзгүлтүксүз каттамы ачылды

Күн мурун, 8-апрелде “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек – Худжанд – Бишкек багыты боюнча биринчи коммерциялык каттамын жүргүнчүлөр менен ийгиликтүү аткарды. “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришкендей, үзгүлтүксүз каттамдар жума сайын шейшемби күндөрү аткарылат. (келечекте каттамдарды жумасына 2 жолу аткаруу пландаштырылууда). Билеттерди компаниянын asmanairlines.kg расмий сайтына же, App Store, Google Playден asmanairlines.kg тиркемесин көчүрүп алып сатып алсаңыздар болот! Авиакомпания менен байланыш номерлер: […]Читать далее

Аймак

Ош шаарына сырттан кирген унаалар үчүн акы алуу сунушталууда

Ош шаарына сырттан кирген унаалардан акы алуу сунушталууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Күн мурун мэр Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, шаардагы калктын саны күндөн-күнгө өсүп жатканын эске алуу менен шаар инфраструктурасын жакшыртуу маселесин көтөрдү. Расмий маалыматка ылайык, Ош шаарында 500 миңден ашык адам жашаса, жакынкы аймактардан келгендер менен бирге бул сан […]Читать далее

Коом

Өлкөнүн аймактарында жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү себилүүдө

Өлкө аймагында кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында эспарцет жана жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүү иштери жүргүзүлүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, республика боюнча жалпысынан 37,100 кг эспарцет үрөнү жана 56,595 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнү себилип, 6,324 гектар аянт камтылды. Натыйжада пландын 42,4% аткарылды. Облустар боюнча алсак: Баткен облусу: 790 кг эспарцет […]Читать далее

Экономика

2024-жылы Кыргызстанда экономикалык өсүү 9% деңгээлинде сакталды

Алдын ала маалымат боюнча, 2024-жылы Кыргызстанда экономикалык өсүү 9% деңгээлинде сакталды. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын “Азияны өнүктүрүүгө сереп” жылдык баяндамасында айтылат. Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына караганда, Кыргызстандын экономикалык өсүү темпи министрлер кабинетинин экономикалык активдүүлүктү тең салмакташтыруу жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча демилгесинин аркасында сакталды. Сунушталган факторлор тарабынан өнөр жайдын өсүшү 2023-жылдагы 4,8%дан 5,6%га чейин тездеди, […]Читать далее

Коом

Бишкекте электробустар үчүн кубаттоочу жабдуулар орнотулган жайлар даярдалууда

Бишкекте эки ДЕПОдо электробустарды кабыл алуу үчүн инфраструктураны даярдоо иштери жүрүп жатат. Муниципалитеттен билдиришкендей, азыркы учурда Бишкек троллейбус башкармалыгынын аймагы жаңы электробустарды жайгаштыруу үчүн кайра даярдалып, ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 аймагы автобустар үчүн токтотуучу жайга ылайыкташтырылып, заманбап электр кубаттоочу жабдуулар орнотулууда. Буга чейин айдоочуларды үйрөтүү жана даярдоо максатында шаарга эки электробус келген. Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү […]Читать далее