Коом

“Манас” аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери күз айларында аяктайт

“Манас” аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери күз айларында аяктайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, аэрпорттун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. “Оңдоо иштери быйыл октябрь-ноябрда соңуна чыгат. Муну менен биринчиден, учуп-конуу тилкеси жаңыртылып, ага учактардын жумшак конуусуна шарт түзүлөт. Экинчиден, ремонт иштеринин жүрүшүндө учактардын конуусуна белги […]Читать далее

Президент

Президенттин администрациясынын ишинин маселелери боюнча айрым жарлыктарга өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров «КР президентинин администрациясынын ишинин маселелери боюнча КР президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. КР президентинин администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, КР Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат: 1.КР президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “КР Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган Жарлык менен […]Читать далее

Укук тартиби

Каракол шаарынын мурдагы мэри кармалды

Каракол шаарынын мурдагы мэри кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, Каракол мэриясынын жетекчилиги жана башка адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, муниципалдык жер тилкесин арзандатылган баада саткан фактылар аныкталды. Алсак, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Э.А. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жасалма аукцион уюштуруу жолу менен Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районундагы жер […]Читать далее

Экономика

Салык кызматы 6 айда 853 миң тоннадан ашык күйүүчү майды

Мамлекеттик салык кызматы “Учкун” ААКнын отунду маркалоо оператору менен биргеликте күйүүчү майды милдеттүү түрдө маркалоо системасы киргизилгенден бери 853 489,2 тонна материалдарды маркалады. Ведомстводон билдиришкендей, алардын 396 304,4 тоннасын дизелдик отун жана 457 184,8 тоннасын бензин түзөт. 2024-жылдын октябрынан 2025-жылдын март айына чейинки мезгилде нефтетрейдерлерден мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктык түшүүлөр 2023-2024-жылдардын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 […]Читать далее

Коом

Бишкектеги көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын курулушу майдын аягында бүткөрүлөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Орто-Сай базарынын аймагын көрктөндүрүү иштери менен таанышты. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Безымянная жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде 252 орундуу көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын курулушу жүрүп жатат. Борбор калаанын башчысы курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын май айынын аягына чейин бүткөрүүнү, ага чектеш аймакты көрктөндүрүү маселесин кароону, турак жайлардын жанындагы балдар аянтчасын жана […]Читать далее

Укук тартиби

Жалал-Абад жана Ошто жасалма мотор майларын саткан фирмалардын ээлери кармалды

Жалал-Абад жана Ош облустарында жасалма бренддик мотор майларын жасап саткан төрт соода фирмасынын ээси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан сатылып жаткан мотор майларынын сапаты боюнча автотранспорт каражаттарынын ээлеринин көптөгөн даттанууларына байланыштуу “Уюшкан топ тарабынан башка бирөөнүн товардык белгисин мыйзамсыз пайдалануу” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад жана Ош облустарынын […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК өлкөдө массалык баш аламандык уюштуруунун алдын алды

Коопсуздукту камсыз кылуу, конституциялык түзүлүштү жана жарандардын укуктарын, кол салуулардан жана бузуулардан коргоо максатында КР УКМК тарабынан массалык нааразылык акциялары жана массалык башаламандыктар менен коштолгон жергиликтүү жаңжалдарды уюштуруу жолу аркылуу, улуттар аралык кастыкты козутууга даярдык көрүү фактылары аныкталып, бөгөт коюлду. Мында негизги максат – коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу, анын артынан мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болгон. 2025-жылдын […]Читать далее

Коом

УКМК Ош мэринин шаарга кирген унаалардан акы алуу сунушун колдобойт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин шаарга кирген унаалардан акы алуу сунушун колдобойт. Бул тууралуу Атайын кызматтан билдиришти. УКМК жетекчилиги Түштүк борборго кирүү үчүн төлөм киргизилген учурда коомчулукта терс реакция болот, башкача айтканда бардык чыгымдар карапайым жарандардын мойнуна түшөт, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн оор болот деп эсептейт. “Товарларды шаарга жеткирүү […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанга тоок жумурткаларын алып кирүүгө 6 айга чектөө киргизилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандын аймагына тоок жумурткаларын алып кирүүгө (импорттоого) 6 айга чектөө киргизүүнү караштырууда. Ведомстводон билдиришкендей, бул чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган. Убактылуу чектөө киргизилгенден кийин ата мекендик канаттуулар ишканалары тарабынан тоок жумурткаларын өндүрүү жана импорттук продукцияга болгон атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жогорулайт. Бул чара тышкы жеткирүүлөрдөн көз […]Читать далее

Аймак

Жети-Өгүздө 14 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 14 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну 1999-жылдан бери Ак-Дөбө айыл башкармалыгынын балансында турган 14 га жер участогун мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталды. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө менчик ээси жер тилкесине ээлик кылуунун мыйзамсыз экендигин түшүнүп, 14 га жерди Жети-Өгүз районунун […]Читать далее