Президент

Президент Мамлекеттик ипотекалык компания курган “Мурас” турак жай комплексин ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган “Мурас” турак жай комплексинин ачылыш аземине катышты.   Мамлекет башчысы элдин турмушун жакшыртуу жаатындагы ой-максаттардын сап башында калкты жумуш орундары жана арзан турак жай менен камсыз кылуу артыкчылык катары турарын баса белгиледи.   “Кайсы үй-бүлөнү алба, балдары билим алып, кесипке үйрөнүп, эрезеге […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Нурланбек Шакиев Кореянын элчиси Ким Кванджэни кабыл алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Корея нын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ менен жолугушту. Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага Ким Кванджэни Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап: “Дасыккан элчи катары мамлекеттер аралык байланыштарды жаңы деңгээлге көтөрөсүз деген терең ишеничтемин” – деди. Ошондой эле Нурланбек Шакиев өлкөлөр ортосундагы алакалардын учурдагы абалына токтолуп: “Кыргызстан Түштүк Корея мамлекети менен […]Читать далее

Укук тартиби

Аскер прокуратурасы тарабынан чек ара кызматкери кармалды

Аскер прокуратурасы тарабынан “Ак-Жол – автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун улук контролеру кармалды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, кармалган Н.Р.А. өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда мыйзам талаптарын одоно бузуп, укук коргоо органдарынын оор кылмыш боюнча З.И.К. аттуу шектүү жаранды кармоо тууралуу оперативдик тапшырмасын аткарган эмес. Бул мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү жаран жоопкерчиликтен качууга мүмкүнчүлүк алган. Кармалган кызматкер Бишкек […]Читать далее

Укук тартиби

Соттолгон уулуна уюлдук телефон берүүгө аракет кылган аял кармалды

Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери соттолгон жаранга уюлдук телефон берүү аракетин токтотушту. Мекемеден билдиришкендей, 23-декабрда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан №3 мекемеде соттолгон адамга тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз киргизүү аракети катталды. Ж.К. аттуу жаран соттолгон С.Р. аттуу уулуна азык-түлүк алып келген. Текшерүү учурунда кызматкерлер тарабынан кургатылган жемиш салынган баштыкка катылган уюлдук телефонун табылып алынган. Бул факты […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда 415 юридикалык ири жана орто ишканалар катталган

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын аймагында тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында азыркы учурда иштеп жаткан 415 юридикалык ири жана орто ишканалар катталган. Суу ресурстары, айыл арба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде облустар боюнча: Баткен облусунда – 7; Жалал-Абад облусунда – 38; Ош облусунда – 28; Ысык-Көл облусунда – […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин кезектеги аппараттык кеңешмесин өткөрүп, мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.   Алгач минкаб төрагасы жакында эле өткөрүлгөн III Элдик курултайда президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган бир топ олуттуу тапшырмаларды өзгөчө көзөмөлгө алып, кынтыксыз жана сапаттуу аткаруу керектигин, ал эми Элдик курултайдын катчылыгына делегаттар тарабынан көтөрүлгөн ар бир […]Читать далее

Кадр саясаты

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү алмашты

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору Шаменов Айбек Асанович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Шаменов Айбек Асанович президенттин Баткен облусундагы ыйгарым […]Читать далее

Аймак

Бакай-Атада мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелер мамлекетке кайтарылды

Бакай-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Бакай-Ата районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы текшерилип, Бакай-Ата айылында жайгашкан айыл чарба багытындагы 28 миң чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан административдик доо арыз келтирилип, сот органдары тарабынан толугу менен канааттандырылды. […]Читать далее

Кадр саясаты

Чек ара кызматынын директору алмашты

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим Карбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Алимбаев Абдикарим Карбекович Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик […]Читать далее

Кадр саясаты

Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев ээлеген кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Шаршеев Уларбек Зарлыкович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.Читать далее