Кырсык

ТИМ Казакстанда кырсыкка кабылган учактагы үч кыргызстандыктын абалы кандай экендигин

Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кырсыкка кабылган учактагы үч кыргызстандыктын абалы кандай экендигин кабарлады. Мекеменин маалыматы боюнча, Казакстанда кырсыкка кабылган учактагы үч кыргызстандыктын ичинен А.Р. жана О.Т. аттуу эки адам тирүү, ал эми дагы бир жарандын абалы тууралуу маалымат такталып жатат. Учурда Казакстанда тиешелүү органдардан турган республикалык штаб түзүлдү. ТИМ Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги коңшу өлкөнүн мамлекеттик […]Читать далее

Коом

Бишкекте жаңы жыл түнү коомдук транспорт саат 03:00гө чейин иштейт

Бишкекте жаңы жыл түнү коомдук транспорт саат 03:00гө чейин иштейт. Муниципалитеттен билдиришкендей, линияга 56 каттам боюнча 1200 бирдик толугу менен чыгат. “Мындай чечим шаардыктарды майрамдан кийин үйүнө жеткирүү жана жаңы жылдык маанай менен калаа тургундарына шарт түзүү үчүн кабыл алынды”, – деп айтылат маалыматта.Читать далее

Аймак

Камчыбек Ташиев Барпы чек ара заставасын ачты

Бүгүн, 25-декабрда, КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл аймагында жайгашкан Барпы чек ара заставасынын жаңы имаратын пайдаланууга тапшырды. Ачылуу аземине Чек ара кызматынын жетекчилиери, жергиликтүү башкармалыктарынын жана чек ара заставасынын өздүк курамы, жергиликтүү тургундар катышты. Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп жатып: “Мындан ары дагы кыргыз […]Читать далее

Экономика

Мамлекеттик мүлк агенттиги 2024-жылы киреше боюнча рекорддук көрсөткүчкө жетти

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги 2024-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн экономикасын чыңдоого салым кошкон олуттуу ийгиликтерге жетишти. Агенттиктен билдиришкендей, 2024-жылдын 20-декабрында Мамлекеттик мүлк агенттигинин ишмердүүлүгүнөн республикалык бюджетке 31 млрд 824,9 млн сом бөлүнгөн, бул 2023-жылга салыштырмалуу 133,8%га көп. Ал эми 2020-жылга салыштырмалуу 29 млрд сомго көп. Белгиленгендей, мындай көрсөткүч агенттик үчүн […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиевге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиевге Азербайжандын жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген азербайжандык жүргүнчү учагынын трагедиялуу кыйрашы тууралуу бүгүнкү суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана ушул […]Читать далее

Экономика

Акыркы эки жылда президенттин Иш башкармалыгынын карамагындагы мекемелердин кирешеси 4,5

Президенттин Иш башкармалыгынын карамагындагы мекемелердин кирешелери 2023-жылга салыштырмалуу болжолдуу түрдө 3 эсе же 296,9%га өстү. Бюджеттик мекемелер боюнча өсүш – 167,1%, ал эми чарбалык эсептеги мекемелер боюнча өсүш 320,6% түздү. Акыркы эки жылда бул кирешелер 4,5 эседен ашык же 477,2%га көбөйдү. Президенттин Иш башкармалыгына караштуу мекемелердин жетишкендиктери: рекорддук өсүш жана ийгиликтер 2024-жыл президенттин Иш башкармалыгына […]Читать далее

Министрлер кабинети

Салык кызматында коррупцияга каршы күрөшүү жана ЭТТК киргизүү маселелери боюнча

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Жыйында салык чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери, электрондук товартранспорттук колдонмолорду(ЭТТК) киргизүүнүн жүрүшү, отчеттуулукка байланышкан көйгөйлөрдү четтетүү, электрондук системалардын иштеши жана башка ушул сыяктуу маселелер талкууланды. Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматынын алдына бир катар милдеттерди коюп, өзгөчө бюджетти түзүүчү товарларга […]Читать далее

Президент

“КР Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.   Мыйзам 2024-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 29-ноябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.   Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда бала бакча ачуу үчүн жеңилдетилген насыя бериле баштады

«Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү» программасынын алкагында юридикалык жана жеке жактарга жеңилдетилген кредит бериле баштады. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыя “Элдик”, “Айыл”, “Керемет” банктары аркылуу 10 млн сомдон 70 млн сомго чейин бала бакча курууга же реконструкциялоого берилет. Жылдык үстөгү — 10%, мөөнөтү — 3-5жыл. Кеңири маалымат алуу […]Читать далее

Президент

Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.   Мыйзам 2024-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.   Аталган Грант жөнүндө макулдашуу грант берүү тартибин карайт, анын алкагында Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Кыргыз […]Читать далее