“Менин шаарым” тиркемесине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет. Муниципалитеттен белгилешкендей, эми тиркемеде “мэрге кайрылуу” бөлүмү пайда болду, ал өзгөчө көзөмөлгө алынат. Тиркеменин колдонуучулары кайрылуу жөнөтүп, ыкчам тартипте шаардык кызматтардан фото же видеофиксация менен аткарылышы тууралуу отчет алышат. Буга чейин мэр Айбек Жунушалиев пландык жыйында “Менин шаарым” тиркемесиндеги кайрылууларына өз убагында жана сапаттуу жооп […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жашаган көп балалуу энелерди колдоо жана балдарды ар тараптан өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат: 1. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы […]Читать далее
“Учуру келгенде калк үчүн кызмат кылган уул-кыздарын эл өзү эле алкап да, мактап да, жактап да, көтөрүп да алат экен. Андай уул-кыздарыбыздын ысымы калк жадымынан чыкпай, элибиздин эсинде түбөлүк кала берет”, – деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда, “Ынтымак Ордодо” өткөн салтанаттуу иш-чарада өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга […]Читать далее
Кыргызстанда 2024-жылдын 16-декабрдан 22- декабрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 16 миң 673 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 473; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 208; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 45; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже […]Читать далее
Президент Кыргызстандын энергетикасынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргызстандын энергетикасынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чара республиканын энергетика тутумунун өнүгүү тарыхына арналган тасманы көрсөтүү менен башталды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын энергетика тармагына берилүү менен кызмат кылып келе жаткан бардык кызматкерлерди жана бул тармактын түптөлүп, өркүндөшүнө бүтүндөй өмүрүн арнап, […]Читать далее
2024-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстанда “персоналдык ассистент” кызматын 14 миң 976 адам алат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, алардын 9 504ү балдар, ал эми 5 472си 18 жаштан жогорку майыптыгы бар жарандар. “Аларга 14 673 жаран жеке ассистент кызматын көрсөтөт. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта жеке ассистенттердин кызматтары үчүн төлөм 6 268 сомдон 7 681 […]Читать далее
Кыргызстанда 2024-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча мал чарба продукцияларынын бардык категорияларында тирүүлөй салмакта 414,4 миң тонна эт өндүрүлдү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 миң 425 тоннага, же 2,6 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтүп турат. Республикада эт өндүрүүнүн жогоруулашы айыл чарбасында малдын көбөйүшү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-ноябрь айларында 60345 жаранга пенсия чектеди. Ошонун ичинде 2024-жылы ноябрь айында 9946 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 2823 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Читать далее
Президент Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Тизме: 1 2 3 4 5 6 7 8Читать далее
Жалпы баасы 1 млрд 79 млн сомдук мурдагы Нарын темир-бетон заводу жана Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 6,6 га болгон кум карьери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан кум карьеринин жалпы аянты 6,6 гектарды түзөт. 2002-жылы Нарын шаардык администрациясы жерге жайгаштыруу чөйрөсүндөгү өлкөнүн […]Читать далее