Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-ноябрь айларында 60345 жаранга пенсия чектеди. Ошонун ичинде 2024-жылы ноябрь айында 9946 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 2823 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Читать далее
Президент Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Тизме: 1 2 3 4 5 6 7 8Читать далее
Жалпы баасы 1 млрд 79 млн сомдук мурдагы Нарын темир-бетон заводу жана Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 6,6 га болгон кум карьери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан кум карьеринин жалпы аянты 6,6 гектарды түзөт. 2002-жылы Нарын шаардык администрациясы жерге жайгаштыруу чөйрөсүндөгү өлкөнүн […]Читать далее
Кыргызстанда “Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоорунун алкагында 19-декабрга карата жалпы 2 категория боюнча 4 млрд 661 млн 323 миң сомго 11 миң 655 сом насыя берилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 479 млн 40 миң сомго 1 437 насыя берилди: банктар боюнча алганда: – […]Читать далее
Өлкө башчысы Садыр Жапаров III Элдик курултайдын делегаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, 2025-жылдын март айынан тарта мечит имамдарына айлык акы төлөнө турганын билдирген. “Кабар” агенттиги каржы маселеси кайсыл булактардан алынарына кызыгып, мамлекет башчыга суроо узатты. — Саламатсызбы, Сиз Элдик курултайда өлкө боюнча төрт миңге жакын мечиттин молдолоруна март айынан баштап 8 миң сомдон, жылдын аягына […]Читать далее
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов 102 жаш курагында каза болду. Урманбетов Асек, 1923-жылы туулган, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, II топтогу майып. Украинанын жана Белоруссиянын ар кайсы аймактарында согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен чалгындоо боюнча маанилүү тапшырманы аткарган. Ал эки истребитель менен бирге немистердин 76 автомашинасын ар кандай жүктөрү менен кармаган. Жеңиштин […]Читать далее
“Сөз эркиндиги жок деген сайттардын өздөрүнүн сөз эркиндиги жок”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, үчүнчү Элдик Курултайда билдирди. Мамлекет башчысы оппозициялык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштаган делегаттын суроосуна жооп берди. “Массалык маалымат каражаттарын чакырышты, бирок алар келишкен жок. Баш тартышты десек да болот. Сөз эркиндиги жок деген […]Читать далее
“КСДПны колдоо жана Кыргызстанда адам укуктарын коргоо боюнча резолюция кабыл алган Европарламенттин депутаттарына кайрылып кетким келип жатат. Мен сиздерге берчү жоопту өзүңүздөрдүн эле кесиптешиңер, Франциянын депутаты Тьерри Мариани берип койду. Ал кесиптештерин бир тараптуу пикирлерди таратпоого, фактыларга таянууга чакырды”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, үчүнчү Элдик Курултайдын жүрүшүндө делегаттын суроолоруна жооп […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров: “Мамлекет аймактардын жашоочулары үчүн ипотекалык турак-жайдын жеткиликтүүлүгүн
“Мамлекет аймактардын жашоочулары үчүн ипотекалык турак-жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт”, – деп бүгүн, 21-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үчүнчү Элдик Курултайдын жүрүшүндө делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып белгиледи. Делегаттардын көбү аймактарды турак-жай менен камсыз кылуу, социалдык тармактын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу тууралуу маселени козгошту. Мамлекет башчысы учурда облустук маанидеги шаарларда, орто жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Олаф Шольцко Магдебург шаарында болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Германиянын Магдебург шаарында болгон кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул окуянын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин […]Читать далее