Президент

Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тик учактын кыйрашынан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.   “Түркия Республикасынын Мугла провинциясында медициналык тез жардам тик учагы Мугла провинциясындагы окуу жана изилдөө ооруканасынын имаратына кулап, анын кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.   […]Читать далее

Президент

Президент мыкты делген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда, Ынтымак Ордодо өткөн салтанаттуу иш-чарада өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.   Аземге өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон жазуучулар, маданият ишмерлери, мугалимдер жана дарыгерлер, ишкерлер жана спортчулар, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана башка көрүнүктүү инсандар катышты.   “Улуу муундан мурас калган улуу дөөлөттөрдү, нарк-насилди өз […]Читать далее

Президент

Президент: Салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек

“Салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек!”, – бул Президент Садыр Жапаровдун Министрлер Кабинетинин жаңы дайындалган Төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго берген тапшырмасы.   Мамлекет башчысында өлкө боюнча чоң-кичи базардагы, дүкөн-күркөлөрдөгү соода менен алектенгендердин ишмердүүлүгүндө жаралган көйгөйлөр боюнча акыркы толук маалымат бар.   Дал ушуга байланыштуу Президент Садыр Жапаров […]Читать далее

Коом

“Менин шаарым” тиркемесинде “мэрге кайрылуу” бөлүмү пайда болду

“Менин шаарым” тиркемесине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет. Муниципалитеттен белгилешкендей, эми тиркемеде “мэрге кайрылуу” бөлүмү пайда болду, ал өзгөчө көзөмөлгө алынат. Тиркеменин колдонуучулары кайрылуу жөнөтүп, ыкчам тартипте шаардык кызматтардан фото же видеофиксация менен аткарылышы тууралуу отчет алышат. Буга чейин мэр Айбек Жунушалиев пландык жыйында “Менин шаарым” тиркемесиндеги кайрылууларына өз убагында жана сапаттуу жооп […]Читать далее

Президент

Көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмү жөнүндө Жарлыкка

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жашаган көп балалуу энелерди колдоо жана балдарды ар тараптан өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:   1. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы […]Читать далее

Президент

Президент: Учуру келгенде кызмат кылган уул-кыздарын эл өзү эле көтөрүп

“Учуру келгенде калк үчүн кызмат кылган уул-кыздарын эл өзү эле алкап да, мактап да, жактап да, көтөрүп да алат экен. Андай уул-кыздарыбыздын ысымы калк жадымынан чыкпай, элибиздин эсинде түбөлүк кала берет”, – деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда, “Ынтымак Ордодо” өткөн салтанаттуу иш-чарада өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда бир жумада 208 мас айдоочу аныкталды

Кыргызстанда 2024-жылдын 16-декабрдан 22- декабрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 16 миң 673 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 473; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 208; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 45; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже […]Читать далее

Президент

Президент Кыргызстандын энергетикасынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргызстандын энергетикасынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.   Иш-чара республиканын энергетика тутумунун өнүгүү тарыхына арналган тасманы көрсөтүү менен башталды.   Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын энергетика тармагына берилүү менен кызмат кылып келе жаткан бардык кызматкерлерди жана бул тармактын түптөлүп, өркүндөшүнө бүтүндөй өмүрүн арнап, […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда 14,5 миң жеке ассистент ай сайын 7,6 миң сомдон

2024-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстанда “персоналдык ассистент” кызматын 14 миң 976 адам алат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, алардын 9 504ү балдар, ал эми 5 472си 18 жаштан жогорку майыптыгы бар жарандар. “Аларга 14 673 жаран жеке ассистент кызматын көрсөтөт. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта жеке ассистенттердин кызматтары үчүн төлөм 6 268 сомдон 7 681 […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда эт, сүт, жумуртка жана жүн өндүрүүнүн көлөмү өстү

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча мал чарба продукцияларынын бардык категорияларында тирүүлөй салмакта 414,4 миң тонна эт өндүрүлдү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 миң 425 тоннага, же 2,6 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтүп турат. Республикада эт өндүрүүнүн жогоруулашы айыл чарбасында малдын көбөйүшү […]Читать далее