Жеке ишкердин укугу калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл органына Мамлекеттик салык кызматынан С. аттуу жеке ишкерге салынган административдик айыптын мыйзамдуулугун кароо тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Текшерүүдө, 2024-жылдын 14-октябрында Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын башкы инспектору К. тарабынан С аттуу жеке ишкерге акциздик маркасы жок товарларды саткандыгы […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда 879 үй-бүлө көптөн күткөн батирлерине ээ болду. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин 2147 батир Бишкек шаарында тапшырылган болсо, региондордо мындай масштабдагы үй берүү биринчи жолу жүзөгө ашып жатат. “Бул долбоорлор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен, президенттин Иш башкармасына караштуу Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу ишке ашырылууда. […]Читать далее
Бүгүн, 12-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна быйылкы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарына көңүл буруу менен, ТМУ ишмердүүлүгүнүн негизги маселелерин талкуулашты. Анда Будапешттеги Мамлекет башчыларынын бейформал саммитинин күн тартибине, ошондой эле ТМУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумуна […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Орозов Бактияр Сайпидинович Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Бактияр Орозов талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 71-беренесине ылайык Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын агартуу министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.Читать далее
Президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин, министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрликти түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду: Мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды жүктөө менен Агартуу министрлиги; Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку […]Читать далее
9–11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестациясы 2-июндан 17-июнга чейин өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик аттестация өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарында, менчигинин түрүнө карабастан, 2-июндан 17-июнга чейин 4 предмет боюнча өткөрүлөт: – алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 2-июнь; – эне тили (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) – 6-июнь; […]Читать далее
Президенттин тапшырмасы менен Бишкектеги Жүрөк хирургиясы борборуна кошумча жабдуулар алынды
8-майда президент Садыр Жапаров убактылуу Республикалык диагностикалык борбордун имаратында жайгашкан Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун (ЖХжОТИИ) борборуна барган. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, президент “Global Cardiac Alliance” эл аралык командасынын иши менен жеке таанышып, жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүүнүн көйгөйлөрүн жоюу боюнча бир катар ыкчам тапшырмаларды берген. Саламаттык сактоо министрлиги, КММАнын командасы, […]Читать далее
Бүгүн, 12-майда саат 12:38де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди. Ага ылайык, жердин силкинүүсү Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарында 5 балл, Байгөнчөк, Үгүт, Ак-Талаа, Кара-Ой, Кадыралы, жана Нарын районунун Жылан-Арык, Ак-Кудук айылдарында 4 балл, Нарын районунун Учкун, Шоро, […]Читать далее
Аскердик бөлүктүн командалык курамы жана окуяга тиешеси бар аскер кызматкери катуу кызматтык жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, министрликтин аскердик бөлүктөрүнүн биринде 2025-жылдын февраль айында уставдык тартиптердин жана кызматтык тартиптин одоно бузулушу катталган. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен бул факты боюнча министрликтин тийиштүү кызматтарынын катышуусунда ыкчам ички иликтөө […]Читать далее