Россия чет элдиктерге бекер медициналык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин кол койгон жарлыкта айтылат. Маалыматта айтылгандай, Россиянын өкмөтү медициналык жардам көрсөтүүнүн жаңы эрежелерин бекитти. Жарлыкка ылайык, бейтаптын өмүрүнө коркунуч туудурган капыстан катуу ооруп, абалы, өнөкөт оорулары күчөгөн учурда чет элдиктерге бекер медициналык жардам көрсөтүлөт. Мындан тышкары, чет өлкөлүктөргө оорулар, кырсыктар, жаракаттар, уулануулар жана […]Читать далее
Минкаб курулуш рыногун турукташтыруу үчүн цементти ташып келүүгө убактылуу тыюуну
Министрлер кабинети курулуш рыногун турукташтыруу үчүн цементти ташып келүүгө убактылуу тыюуну алып салды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 2025-жылдын 31-мартындагы № 169 “Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тарифтик эмес чараны киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилди. Жаңы шарттарга ылайык, 1-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылат. Бул токтом расмий жарыяланган […]Читать далее
Кыргызстанда биринчи жана экинчи класска 100 миң 469 бала катталган. Бул тууралуу балдарды мектепке кабыл алуу порталында айтылат. Маалыматка ылайык, жалпы 285 560 орун бар. Бүгүнкү күнгө карата 185 091 бош орун калды. Белгилей кетсек, бул кызмат арыз берүү процессин бир топ жеңилдетет: ата-энелер баласын мектепке бир нече мүнөттүн ичинде түз эле смартфонунан каттай алышат. […]Читать далее
Аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда жана 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча — ӨКМдин 86123 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлерине карата офицер тарабынан күч колдонуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, кылмыш ишинин козголушуна 11-майда массалык маалымат каражаттарына жарыяланган зордук-зомбулук фактысы жазылган видеотасма себеп болгон. Тергөө Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасына […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине, “КР Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө” КР мыйзамы менен кабыл алынган КР Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын 75-пунктунун “б” пунктчасына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев Бообек Эргешевичке катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди.Читать далее
Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык бүгүн, 12-майда саат 07:33тө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Жердин силкинүүсү Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя айылдарында 4 баллга чейин сезилген. Учурда жер-жерлеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.Читать далее
Туристтик мезгилдин башталышын утурлай, Ысык-Көл облусунун аймагында унаалардын саны көбөйүп, жол эрежелерин бузуу фактылары көбүрөөк байкалууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, мындай фактыларды эске алуу менен жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун кооптуу жол тилкелерине дрон учурулуп, анын жардамы менен каршы тилкеге чыккан, алдыдагы унаалардан туура эмес ашып өтүү, озуп өтүү эрежелерин […]Читать далее
ФИФА президенти Жанни Инфантино өз кайрылуусунда Камчыбек Ташиевди жана Кыргыз футбол биримдигин FIFA Arena кичи аянтчасынын ачылышы менен куттуктады. “Баарыбыз жакшы көргөн футболду ойноону кыялданган ар бир уул-кыз үйрөнүү, ойноо жана өсүү үчүн коопсуз аймакка ээ болуп жатат”, – деп жазды Инфантино. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, Кыргызстан FIFA ARENA долбоору ишке кирген 11 өлкөнүн бири […]Читать далее
Катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулушу 2025-жылдын декабрында аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бишкек шаарындагы санитардык полигонго болгон иш сапары учурунда белгилүү болду. Мамлекет башчыга бул долбоорду ишке ашыруу таштандыларды кайра иштетүү көйгөйүн чечип, кошумча электр энергиясын өндүрүүнү камсыздай турганы маалымдалды. Бишкек мэриясынын жетекчилиги маалымдагандай, […]Читать далее
Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кадамжай районундагы “Алгакадам” суу каналынын куруунун долбоору менен таанышты. Анда Адылбек Касымалиевге Кара-Жантак айылындагы 4200 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылуу боюнча иштелип чыккан долбоордун техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү тааныштырылды, бул айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн кыйла жогорулатууга […]Читать далее