Президент

Президент Жалал-Абаддагы «Асман Резиденс-1» турак жай комплексиндеги ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Асман Резиденс-1» көп кабаттуу турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземине катышты. Көп кабаттуу турак жай комплекси Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан «Менин үйүм (2021–2026)» мамлекеттик программасынын алкагында Жалал-Абад шаарында курулган. Комплекс жети тогуз кабаттуу блоктон турат жана 639 батирди камтыйт. Жер астында […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров: Мамлекет жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга бар күч-аракетин жумшайт

“Мамлекет жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга бар күч-аракетин жумшайт”, – деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу “Асман резиденс-1” турак жай комплексиндеги үйлөрдүн ачкычын тапшыруу аземинде. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Мамлекет башчысынын сөзү: “Жалал-Абад шаарынын урматтуу тургундары! Кымбаттуу мекендештер! 2022-жылы башталган ипотекалык турак жайларды куруу өнөктүгү өлкөбүздүн өнүгүүсүндөгү […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев альпинист Асел Байбагышеваны Эверестти ийгиликтүү багындырышы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев альпинист Асел Байбагышеваны дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверест тоосун ийгиликтүү багындырышы менен видео байланыш аркылуу куттуктады. Адылбек Касымалиев Асел Байбагышеванын эрдигине, кайраттуулугуна жана жогорку кесипкөйлүгүнө чын жүрөктөн суктангандыгын билдирип, анын өзгөчө жетишкендиги Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына чыныгы белек болгонун жана чечкиндүүлүк менен кайраттуулуктун […]Читать далее

Укук тартиби

Башкы прокуратура: Жеке ишкердин укугу калыбына келтирилди

Жеке ишкердин укугу калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл органына Мамлекеттик салык кызматынан С. аттуу жеке ишкерге салынган административдик айыптын мыйзамдуулугун кароо тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Текшерүүдө, 2024-жылдын 14-октябрында Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын башкы инспектору К. тарабынан С аттуу жеке ишкерге акциздик маркасы жок товарларды саткандыгы […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абадда 879 үй-бүлө көптөн күткөн батирлерине ээ болду

Жалал-Абад облусунда 879 үй-бүлө көптөн күткөн батирлерине ээ болду. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин 2147 батир Бишкек шаарында тапшырылган болсо, региондордо мындай масштабдагы үй берүү биринчи жолу жүзөгө ашып жатат. “Бул долбоорлор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен, президенттин Иш башкармасына караштуу Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу ишке ашырылууда. […]Читать далее

Саясат

Жээнбек Кулубаев ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту

Бүгүн, 12-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна быйылкы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарына көңүл буруу менен, ТМУ ишмердүүлүгүнүн негизги маселелерин талкуулашты. Анда Будапешттеги Мамлекет башчыларынын бейформал саммитинин күн тартибине, ошондой эле ТМУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумуна […]Читать далее

Кадр саясаты

Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Орозов Бактияр Сайпидинович Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Бактияр Орозов талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн […]Читать далее

Кадр саясаты

Догдуркүл Кендирбаева агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 71-беренесине ылайык Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын агартуу министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.Читать далее

Президент

Кыргызстанда эки жаңы министрлик түзүлдү

Президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин, министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрликти түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду: Мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды жүктөө менен Агартуу министрлиги; Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку […]Читать далее

Билим

9–11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестациясы 2-июндан 17-июнга чейин өтөт

9–11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестациясы 2-июндан 17-июнга чейин өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик аттестация өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарында, менчигинин түрүнө карабастан, 2-июндан 17-июнга чейин 4 предмет боюнча өткөрүлөт: – алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 2-июнь; – эне тили (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) – 6-июнь; […]Читать далее