Самарканд шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын туризм тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө арналган туристтик форум өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Ташкенттеги элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Форумга Жогорку Кеңештин төраганын орун басары Нурланбек Азигалиев жетектеген КР делегациясы, элчи Дүйшөнкул Чотонов, Самаркандда иш алып барган Кыргызстандын туристтик тармагындагы өкүлдөрү, ошондой эле өзбекстандык туроператорлор жана ишкерлер катышты. Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү фондунун […]Читать далее
Учурда республиканын көпчүлүк аймактарында жазгы талаа жумуштары активдүү жүрүп жатат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата жалпы 562,1 миң гектар, башкача айтканда жалпы структуранын 80,6 пайыз аянтында айдоо жана себүү иштери жүргүзүлдү. Анын ичинде буудай – 97,4 миң га себилип, жалпы пландын 94,7 % түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине […]Читать далее
Бишкектеги №67 мектептин мыйзамсыз менчиктештирилген 751,2 чарчы метр аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат мектептин жеке имаратын менчиктештирүүдө мыйзам бузуу фактысы болгондугун аныктаган. Такталгандай, 1988-жылы аталган мектептин имаратынын базасында Кошумча компьютердик кабинеттер – СССР илимдер академиясынын илимий-окуу комплексинин Фрунзедеги филиалынын Космос илим-изилдөө институтунун атайын конструктордук бюросунун муктаждыктары үчүн 11 […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда Каракөл ГЭСинин курулушу тездик менен жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, объект Кара-Суу дарыясынын боюна курулууда жана анын долбоордук кубаттуулугу 18 МВтты, ал эми орточо жылдык электр энергиясын өндүрүү 110 млн кВт/саатты түзөт. “Курулуш иштерин 2026-жылдын I кварталына чейин толук аяктоо пландалган. Бүгүнкү күндө объекттин курулушу 60%га бүттү. Иштер тездик […]Читать далее
Кыргызстандагы жергиликтүү цемент заводдору толук кубаттуулукта иштеп жатат, тартыштык жаралбайт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары Муратбек Иманкулов билдирди. Анын айтымында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы рыноктогу абалга үзгүлтүксүз туруктуу мониторинг жана талдоо жүргүзүүдө. Мониторингдин жүрүшүндө айрым цемент заводдорунда оңдоо иштеринин жүрүшүнөн, ошондой эле мезгилдик факторлордун таасиринен цементтин […]Читать далее
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында өрүктүн эрте бышуучу сорту сатууга даяр болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти тарабынан 2023-жылдан бери көчөт өндүрүүчү питомниктер менен биргеликте мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун сыноодон өткөрүү иштери жүргүзүлүп, республиканын ар бир районунда өсүмдүктөрдү […]Читать далее
Париж шаарында Кыргызстандын элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Улуттук Ассамблеясынын депутаты, “Франция – Борбор Азия” достук тобунун төрайымы Катрин Эрвьё менен жолукту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-француз кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, өзгөчө көңүлдү парламенттер аралык байланыштарды бекемдөөгө бурду. Элчи саясий диалогду активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, быйыл жогорку деңгээлдеги сапарлар ишке ашарына үмүтүн билдирди. Тараптар […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы Кыргызстан жана Россиянын региондорунун достук паркында болду. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, мамлекет башчы парктын аймагын көрүп чыгып, анын көрктөндүрүлүшү жана эс алуу жайлары менен таанышты. Ал шаар тургундары менен баарлашып, алардын ой-пикирин жана каалоо-тилектерин угуп, шаардыктар менен бирге сүрөткө түштү. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сузак районуна барып, жергиликтүү саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын жаңы комплекси менен таанышты. Мамлекет башчыга маалымдалгандай, жаңы объект 4,0 га жер аянтына курулуп, суткалык өндүрүмдүүлүгү 2000 м³ чейин жетет. Жаңы канализациялык коллектордун узундугу 6 км түзөт. Курулма «Сузак-Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп, МИКтин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Сузак районунун Сузак айылында «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын аткарылышы менен таанышты. Мамлекет башчысы Сузак айылындагы жаңы көп батирлүү үйлөр курулган «Асман Резиденс-5» турак жай комплексинде болду. Ал жашоочулар менен баарлашып, алардын жашоо шарты менен таанышып, инфратүзүмүн көрүп чыкты. Тургундар үйлүү болуу […]Читать далее