Жалал-Абад облусунда жаңы эл аралык аэропортунун курулушу башталды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самадинов билдирди. Анын айтымында, долбоор аймактын өнүгүшүнө күчтүү түрткү берип, жаңы каттамдарды ачып, миңдеген жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. “Биринчи кадам жасалды – келечек муундарга кабары бар мезгил кутусу салынды”, – деп белгиледи ал. Буга чейин маалымдалгандай, жалпы аянты […]Читать далее
2025-жылдын 4 айында Кыргызстан 143,7 тонна бал экспорттоду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай көлөм өткөн жылга салыштырмалуу 45,9 тоннага көп. 2024-жылдын ушул мезгилинде Кыргызстан 97,8 тонна бал экспорттолгон. Демек, экспорт 47% жогорулаган. Башкы экспорт багыттары (2025-жылдын 4 айында): Кытай – 82,1 тонна (эн ири […]Читать далее
«Акыркы жылдары өлкөбүздүн медицина тармагын жакшыртуу аракеттерибиздин алкагында, заманбап ооруканалардын курулушуна өзгөчө маани берилүүдө», – деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Сузак районундагы төрөт бөлүмүнүн жана балдар ооруканасынын жаңы имаратынын ачылышында баса белгиледи. Мамлекет башчысы 280 миң калкы бар Сузак району – өлкөбүздөгү ири райондордун бири экенин ырастады. Ошондуктан энелерге […]Читать далее
Сузак районунда “Р-1” каналын бетондоо иштери аяктап, ишке берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, реконструкцияланган тилкенин жалпы узундугу 1850 метрди түздү. Иш 2024-жылдын сентябрында башталып, белгиленген мөөнөттө ийгиликтүү аяктаган. Учурда канал аркылуу дыйкандарга сугат суу берилип жатат. “Р-1” каналы айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу […]Читать далее
Кыргызстанда Европалык эмдөө жумалыгы башталды. Ал эмдөөнүн маанилүүлүгүнө көңүл буруу жана иммунитетти чыңдоо максатында жыл сайын өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди. Анын айтымында, бул жылы ал “Бардык адамдык күчтөр үчүн эмдөө” урааны астында өтөт. Европалык эмдөө жумалыгы 2025-жылы өзгөчө мааниге ээ, анткени ал эмдөө боюнча негизги кампаниянын […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов менен илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна сунушталган Бактияр Орозовду кабыл алды. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда төрага Билим берүү жана илим министрлигинин экиге бөлүнүшү тармак үчүн эле эмес, өлкөнүн келечеги үчүн туура чечим болгонун баса белгиледи. […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Атаханов Авазбек Койлубаевич Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызмат ордунан бошотулду.Читать далее
Жыл башынан бери эмгек жаракаттары үчүн төлөнгөн компенсациялар үч эсеге көбөйүп, 39 млн сомду түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча кызматы тарабынан текшерүүлөрдүн жана мыйзам бузуу учурларынын саны кыйла өскөнү байкалууда. 2025-жылдын январь-март айларында 301 текшерүү жүргүзүлгөн, бул өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу […]Читать далее
Каракол шаарындагы стадиондун оңдоп-түзөө иштери аягына чыгарылууда. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Жаңыланган стадиондун салтанаттуу ачылышы 23-майда өткөрүлүп, андан соң пайдаланууга берилет. Маалыматта белгиленгендей, реконструкция учурунда стадион заманбап түрдө жасалгаланып, трибуналар жаңыланып, улуттук чемпионаттын талаптарына жооп бергидей инфраструктура орнотулду. Ошондой эле Кыргыз футбол биримдигинен кошумчалашкандай, оңдоп-түзөө иштеринен өткөн стадион Кыргызстандын Премьер-Лигасында Каракол шаарын таанытып […]Читать далее
Быйыл Токтогул, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарларынын стадиондору колдонууга берилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалым болгондой, КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФБ президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов Кыргызстандын түштүк аймактарына болгон иш сапарынын алкагында учурда курулуп жана реконструкциядан өтүп жаткан бир нече футбол объекттерине баш бакты. Атап айтканда, Токтогул, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарларынын стадиондорунун […]Читать далее