Укук тартиби

Өзүн Камчыбек Ташиевдин уулу катары тааныштырган алдамчы кармалды

Өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас деп тааныштырган алдамчыны кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Ал “Б.Х.” компаниясынын жетекчилигин алдоо жолу менен бетон үчүн химиялык реагенттерди берүү боюнча келишим түзүүгө көндүргөн Д.Р.Д. аттуу жаран болгон. Тактап айтканда, Д.Р.Д. келишим түзүү максатында компаниянын жетекчилиги менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда үнүн манипуляциялап, Whatsapp […]Читать далее

Коом

Имамдарга стипендия бериле баштады

2025-жылдын апрель айынан баштап Кыргызстан боюнча бардык аймактардагы мечит имамдарына стипендия бериле баштады. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Бул маанилүү чечим дин кызматкерлерин колдоо, диний тармакты бекемдөө жана коомдогу туура диний түшүнүктү өнүктүрүү максатында ишке ашууда. “Дин – элдин жүрөгүн, коомдун багытын, жаш муундун рухий дөөлөтүн калыптандырган күчтүү институт. Андыктан, имамдарга берилген бул […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда керектөө баалары 2,2 пайызга өстү

 Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде керектөө баалары республика 2,2 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Назира Керималиева билдирди. Ал белгилегендей, мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 3,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки азыктарына – 2,3 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 1,1 пайызга жогорулады, ал эми азык-түлүк эмес азыктарга баалар […]Читать далее

Аймак

ӨКМ башчысы Нарында жер титирөөдөн жабыркаган айылдарды кыдырууда

Бүгүн өзөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жер титирөөдөн жабыркаган Ак-Талаа районундагы айылдардын жашоочуларынан жана турак-жайлардан кабар алууда. Ведомстводон маалымдашкандай, министр Жаңы-Талап, Кара-Ой, Ак-Кыя айылдарында жер титирөөдөн жабыр тарткан турак жайларды, социалдык имараттарды көрүп, жарандар менен жолугушту. Ажикеев тургундарга коопсуздук эрежелери жана курулуштардын абалы тууралуу кеңештерин берди. Белгилей кетсек, 12-майда Ак-Талаа районунда күчү 4 жана 5,5 […]Читать далее

Экономика

Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 442,4 млрд сомду түздү

2025-жылдын башынан бери Кыргызстандын экономикасында негизги көрсөткүчтөр боюнча өсүштөр байкалууда. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди. Анын айтымында, 2025-жылдын январь-апрелинде алдын ала баалоо боюнча ички дүң продукция 442,4 млрд сомду түздү жана 2024-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 11,7 пайызга өстү. Ал кошумчалагандай, ИДПнын 52 пайызын тейлөө тармагы, 30,8 пайызын товардык өндүрүш […]Читать далее

Экономика

Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасы көзөмөлдө турат

Күйүүчү-майлоочу майдын баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөөгө багытталган иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, өлкөдө мунайзаттарга жылдык керектөө 1,4 млн тоннага жакын. Жеңил мунайзаттар боюнча индикативдик баланс (бензин жана дизель) 2025-жылга 2024-жылдагыдай эле 1,2 млн тонна (бензин – 650,0 миң тонна, дизель отуну -550,0 миң тонна) деп бекитилген. Бул […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров кыргыз-казак элинин ортосуна бүлүк салууга аракет кылган видео

Президент Садыр Жапаров кыргыз-казак элинин ортосуна бүлүк салууга аракет кылган видео боюнча билдирүү жасады. Ал чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырып, боордош элдердин бир туугандык мамилесин бекемдөө маанилүү экенин белгиледи. Президент тынчтыкты жана ынтымакты сактоо ар бир жарандын жоопкерчилиги экенин эске салды. Төмөндө президенттин кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз. “Урматтуу замандаштар жана агайын туугандар! Урматтуу кыргыз жана казак журту! Кечээ күнү […]Читать далее

Коом

Бишкектеги 46 мектепте лагерлер уюштурулат

2-июндан 27-июнга чейин Бишкек шаарында 46 мектепте 4450 баланы камтыган мектеп алдындагы лагерлер уюштурулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, лагерлер саат 8:00дөн 14:00гө чейин 20 күн бою иштейт. Мектеп алдындагы лагерлерде балдар ийримдерде жана спорттук секцияларда машыгууга мүмкүнчүлүк алышат. Иш-чаралар балдардын толук кандуу өнүгүүсүн, алардын коопсуздугун жана жайкы эс алуу учурундагы ыңгайлуулугун камсыз кылуунун алкагында уюштурулат.Читать далее

Коом

Сокулукта 8 гектардан ашык жер ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

Сокулук районунда мурдагы чиновниктердин жакын туугандары 8,03 га жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мурдагы кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схеманы колдонуу менен белгиленген тартипте муниципалдык жер тилкелерди ыйгарып алуу фактысын аныктады. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Сокулук районунун […]Читать далее

Экономика

Айрым региондордо цементтин баасы арзандап, рыноктогу абал турукташууда

Айрым региондордо цементтин баасы арзандап, рыноктогу абал турукташууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, сезондук факторго байланыштуу айрым атамекендик цемент чыгаруучу заводдордо “Терек-Таш” ЖЧКнын жана “Түштүк-Кыргыз цемент” ЖАКтын бир кап цементтин баасы 10 сомдон 20 сомго чейин (50 кг) кымбаттаган. “Кант цемент заводу” ишканасынын цементинин баасы көтөрүлгөн жок. Муну менен катар […]Читать далее