Коом

Кыргызстан БАКӨК-2025 конференциясына катышууда

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Борбор Азиядагы климаттык эң ири иш-чара – Борбордук Азиялык климат конференциясы (БАКӨК-2025) өтүп жатат. Конференцияны Борбор Азиянын Аймактык экологиялык борбору (БААЭБ) Түркмөнстан Өкмөтү, Дүйнөлүк банк жана GIZ менен биргеликте уюштурууда. Кыргызстандын өкүлдөрү бул конференцияга активдүү катышууда. Иш-чаранын негизги темасы – климаттык каржылоону көбөйтүү жана туруктуу өнүгүү жолунда региондук кызматташтыкты бекемдөө. Конференциянын негизги […]Читать далее

Коом

ӨКМ: Аба-ырайы 40 градуска чейин ысыйт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 16-17-майда ысык аба-ырайы күтүлөт: – Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин; – Талас облусунда 33…38°ка чейин жогорулашы мүмкүн. ӨКМ мындай кургак ысык аба ырайында суусоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө […]Читать далее

Коом

БАЭдеги кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн экзаменсиз алмаштыра алат

Бүгүн Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосунда айдоочулук күбөлүктөрдү экзаменсиз өз ара таануу жана алмаштыруу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, тиешелүү макулдашууга 2025-жылы 14-апрелде кол коюлган. Эми БАЭде мыйзамдуу жашаган Кыргызстандын жарандары кошумча окуудан жана сынактан өтпөстөн, улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн БАЭ лицензияларына алмаштыра алышат. Ушундай […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин жыйыны мурунку Өкмөт үйүндө өтүүдө

Жогорку Кеңештин жыйындары мурунку Өкмөт үйүнүн имаратында өтүүдө. Жогорку Кеңеш 2010-жылга чейин мурунку Өкмөт үйүндө жайгашып, парламенттин жыйындары уюштурулуп келген. Жогорку Кеңештин маалыматы боюнча, азыркы парламенттин жыйындар залында оңдоп-түзөө иштери башталды. Эми зал заманбап техникалар менен жабдылат. Жаңылоо иштери 1-сентябрга чейин аяктайт. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу белгилегендей, VII чакырылыштын депутаттарына да тарыхый имаратта […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Нурланбек Тургунбек уулу: Эки жаңы министрликке элибиздин үмүтү чоң

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине агартуу министри менен илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна сунушталган талапкерлерди кароо маселеси киргизилди. Парламенттен билдиришкендей, төрага Нурланбек Тургунбек уулу Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүү чечими маанилүү кадам болгонун баса белгиледи. “Өлкөнү өнүктүрүү үчүн билимге өзгөчө көңүл буруп, сапатын көтөрүшүбүз керек. Анткени, билим өнүгүүнүн […]Читать далее

Ден соолук

Жылына 200дөй баладан онкологиялык оору аныкталууда

Кыргызстанда балдар арасында жылына 200дөй онкологиялык оорулардын жаӊы учуру аныкталууда. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков жергиликтүү радиолорго берген маегинде билдирди. Анын айтымында, балдар онкология бөлүмү Эне жана баланы коргоо борборуна көчүрүлгөнгө чейин жылына 100-120 бейтаптан оорунун жаңы учуру аныкталчу. “Кыргызстанда акыркы жылдары балдар онкологиясы […]Читать далее

Аймак

Быйыл Баткенде 13 ири өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилет

Быйыл Баткен облусунда 13 ири өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Ошентип, жыл соңуна чейин пайдаланууга берүү мерчемделген өндүрүш ишканалары төмөнкүлөр: Кадамжай районундагы “Кожо-Кайыр-1” 300 кВт кичи ГЭСи; Кадамжай районунун Жеңиш айылында жайгашкан “Халмион Пром” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан автогазоблок заводу; Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында курулуп жаткан Кыргыз-Түрк биргелешкен мунайды кайра […]Читать далее

Аймак

Караколдо аянты 2,52 гектар соода базасы мэрияга өттү

Каракол шаарында жалпы аянты 2,52 гектар болгон “Каракол дүң-чекене соода базасы” мэриянын балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2000-жылы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын чечими менен Гебзе көчөсү 200 дарегинен (1 га) жер тилкеси Каракол соода базасына бекитилип берилген, мындан тышкары 2001-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын кийинки токтому […]Читать далее

Кырсык

Нарында жер титирөөдөн 99 турак жай жана соцобъектер жабыркаган

12-майда Нарын облусунун аймагында катталган жер титирөөдөн жалпы 99 турак үй, 3 мектеп, 1 маданият үйү, 1 дүкөндүн дубалдарынан жарака кеткени аныкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен Көк-Жар айылында 36 турак үй, Жаңы-Талап айылында 28 турак үй, 1 маданият үйү, Ак-Кыя айылында 21 турак үй, 1 мектеп, Кадыраалы айылында 7 турак үй, 1 мектеп, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстандын жашыл таксономиясы – жалпы улуттук пилоттук классификатору бекитилди

Министрлер кабинети Кыргызстандын жашыл таксономиясы – жалпы улуттук пилоттук классификаторун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кабыл алынган документтин максаты – жашыл технологиялардын, долбоорлордун, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү түшүнүгүн жана аныктамасын белгилөө, жашыл жана климаттык инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, анын ичинде туруктуу каржылоонун эл аралык […]Читать далее