Бүгүндөн тарта Бишкектин Орозбеков көчөсү оңдоо иштерине жабылды

 Бүгүндөн тарта Бишкектин Орозбеков көчөсү оңдоо иштерине жабылды

         Бүгүн, 20-июлдан тарта Бишкектин Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен Орозбеков көчөсүнүн Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкесин реконструкциялоо пландалууда.

“Аталган тилке жабылып, Разаков жана Панфилов көчөлөрү унаалар өтүүчү альтернативалык жол болот”, – деп белгилешти муниципалитеттен.

Бишкек мэриясы шаардыктардан жана шаар конокторунан жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамды алдын ала пландап алууну суранат.

Связанный пост