Салык кызматы ачык статистикалык маалымат порталын ишке киргизди

 Салык кызматы ачык статистикалык маалымат порталын ишке киргизди

Мамлекеттик салык кызматы салыктык башкаруу боюнча www.stat.salyk.kg ачык статистикалык маалымат порталын ишке киргизди.

Stat.salyk.kg жарандарга салыктык башкаруудагы актуалдуу маалыматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк берет. Анда учурдагы мезгил үчүн маалыматтар мурунку жылдарга салыштырмалуу жарыяланган. Бул коомчулукка Салык кызматынын ишине мониторинг жүргүзүү жана контролдоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Stat.salyk.kg порталы Салык кызматы канча салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн, анын ичинде киреше салыгын, сатуудан алынуучу салыкты, КНСти (ички жана ЕАЭБ импортуна) чогулткандыгы тууралуу маалыматтарды камтыйт.

Ошондой эле, иштеп жаткан юридикалык жактар, жеке ишкерлер, ири салык төлөөчүлөр жөнүндө маалымат да ачык жана жеткиликтүү. Мындан тышкары, бул жерде өлкөдө канча контролдук-кассалык машиналар орнотулгандыгын билүүгө болот.

Порталдагы маалымат ар ай сайын жаңыланып турат.

Президенттин 2020-жылдын 17-декабрындагы жана 2021-жылдын 8-февралындагы өлкөдө санариптештирүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Жарлыктарына ылайык санариптик технологияларды мамлекеттик башкарууга токтоосуз киргизүү жөнүндө артыкчылыктуу мамлекеттик саясат аныкталган, анын башкы багыттарынын бири “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоору болуп саналат.

Салык кызматы кардарларга багыт алууга, маалыматтык ачыктыкка жана тейлөө мүмкүнчүлүктөрүн модернизациялоого карата багыт алды.

Маанилүү: ачыктык принцибин ишке ашыруу менен Салык кызматы салык төлөөчүлөргө жеке маалыматтардын сакталышына кепилдик берет.

Связанный пост