Оштогу “Бакыт үйүнүн” имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери 90%га аяктады

 Оштогу “Бакыт үйүнүн” имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери 90%га аяктады

 Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов баштаган шаардык комиссия “Бакыт үйүнүн” имаратын капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын жүрүшүндө ремонттун сапатына жана ишти аяктоо мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Учурда “Бакыт үйүнүн” айланасын асфальттоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, имараттын ички көрүнүшүн оңдоо жүргүзүлүүдө. Ж.Азимов бардык иштерди июль айынын аягына чейин бүткөрүү тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, “Бакыт үйүнүн” имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ишке ашырылууда.

Учурда “Бакыт үйүнүн” имаратында оңдоо иштери 90%га бүттү.

Связанный пост