Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин жыйынына катышты

 Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Координациялык кеңешинин жыйынына катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы өз сөзүндө белгилегендей, 30 жыл аралыгында республикада коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ар кыл иш-чаралар өткөрүлүп келген, бирок түрдүү себептерге байланыштуу ал тийиштүү натыйжаларды берген эмес.

Акылбек Жапаров белгилегендей, коррупциялык көрүнүштөр коомдун көптөгөн чөйрөлөрүндө сакталып, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүүдө, бул күнүмдүк турмушта коррупциялык көрүнүштөргө туш болуп жаткан калктын негиздүү нааразычылыгын жаратып жатат.

Буга катар Министрлер Кабинетинин башчысы мамлекет тараптан коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

«Адамдык факторду жоюу максатында автоматташтыруу жана санариптик башкаруу механизмдери киргизилүүдө, мамлекеттик түзүмдөрдүн айлык акысы жогорулатылды, анткени төмөнкү айлык акы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди коррупциялык аракеттерге түрткөн себептердин бири деп эсептелет», – деди ал.

Жыйында мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери талкууланып, тактап айтканда, Бишкек шаарынын мэриясында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигиндеги кырдаал каралды.
Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин жыйынынын соңунда бир катар чечимдер кабыл алынып, мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Связанный пост