“Манас айылын” жаңылоо боюнча ачык сынак жыйынтыкталды

 “Манас айылын” жаңылоо боюнча ачык сынак жыйынтыкталды

Калыстар тобу “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоо долбоорун иштеп чыгууга ачык сынактын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу “Бишкекбашкыархитектура” башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачык сынактын жыйынтыгында үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда жалпы 14 долбоор келип түшкөн.

Калыстар тобу добуш берүүнү үч баллдык баалоо тутуму боюнча өткөрүү чечимин кабыл алып, баллдарды эсептөө үчүн бир добуштан калыстар тобунун мүчөлөрүнүн ичинен эсептөө комиссиясы түзүлгөн.

Эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл берилген 3 долбоор аныкталды. Ошондой эле бекитилген программага жана конкурстун шарттарына ылайык, шарттар же башка көйгөйлөр айтылбаган маселелер пайда болгон учурда калыстар тобу өзгөчө чечим кабыл алууга укуктуу деген чечим кабыл алынды. Ушуга байланыштуу калыстар тобу көпчүлүк добуш менен үчүнчү орунга эки долбоорду сунуштоо чечимин кабыл алышты.

Конверттерди ачкандан кийин 3 долбоордон турган төмөнкү автордук жамааттар (кыска тизме) бекитилген:

– 2022 шифр менен (23 балл): “ТРЕВОСТ” ЖЧКсы & “Градстройресурс”;

– 5853 шифр менен (9 балл) – “Бейшенбаев жана Партнерлор” ЖЧКсы;

– 2526 шифр менен (6 балл) “РЫСКО” ЖЧКсы;

– 5899 шифр менен (6 балл) –”Бейшенбаев жана Партнерлор” ЖЧКсы.

Ар тараптуу талкуулоодон кийин пикир алмашып, калыстар тобу жалпы чечимдерге келишти:

1. Долбоорлордун автордук жамааттарына шифр менен төлөө (кыска тизме) төмөндөгүдөй :

2022– 1,5 млн сом;

5853–1 млн сом;

2526–250 миң сом;

5899 – 250 миң сом.

Связанный пост