Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда, ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахмановду кабыл алды. Жолугушууда ЕККУнун ишмердүүлүгүнүн алкагында этностор аралык мамилелердин жана кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Кайрат Абдрахмановду ЕККУ системасындагы жогорку жана жооптуу эл аралык кызматка шайланышы менен куттуктады. Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстанда көп улуттуу элдин ынтымагын жана биримдигин чыңдоо, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Кыргызстандын делегациясы Россияга жумушчу сапары менен барды. Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров жана делегация мүчөлөрү «Сбербанк России» ачык акционердик коомунун иши менен таанышты. Делегация Москва шаарындагы Кутузовский проспектинде жайгашкан каржы мекемесинин жаңы штаб-квартирасын көрүп чыгып, Сколководогу СберУниверситетке, Хорошколага, Киберкоопсуздук борборуна жана Дата-борборуна барды. Жолугушуулардын жүрүшүндө Сбербанктын өкүлдөрү конокторго өздөрүнүн […]Читать далее
Министрлер кабинети Centerra Gold Inc. акционерлеринин 2022-жылдын 25-июлунда өткөн кезексиз жыйналышынын Кумтөр алтын кени боюнча өз ара дооматтарды глобалдык жөнгө салуу жөнүндө Кыргызстан менен макулдашуунун шарттарын бекитүү боюнча чечимин колдоого алат. Макулдашууну аткаруу алгоритмине ылайык, Кумтөрдү кыргыз тараптын толук контролуна өткөрүп берүүнү тариздөө жол-жобосун аяктоо боюнча бир нече техникалык жол-жоболор калды. Президент Садыр Жапаров 4-апрелдеги […]Читать далее
Кыргызстанда жарандардын пенсиялык курагы жогорулатылбайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, өлкөдө пенсиялык реформа жыйынтыкталды. “Документтерди макулдашууга тиешелүү ведомстволорго жөнөтүлгөн. Глобалдык өзгөртүүлөр жок, пенсиялык курак мурдагыдай эле калат. Реформада бир гана пенсия алуу үчүн документтерди чогултууну жеңилдетүү каралды”, – деди ал. Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-июлуна карата өлкөдө 728 […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ташкент шаарында өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйын үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда өтөт. Жыйында ШКУнун Самарканд саммитинин (ушул жылдын 15-16-сентябры) даярдоо, анын күн тартиби, уюмдун алкагында кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо, […]Читать далее
2022-жылы 23-июлда Кыргызстандын Казакстандагы укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Нур-Султан шаарындагы Шанхай базарында иштеген мекендештер менен жолугушту. Мекендештер менен болгон жолугушууда, Элчи Д.Дюшекеев Казакстан Республикасында иштеп жаткан жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Элчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, Кыргызстандан текстиль продукциясын эспорттоо мүмкүнчүлүгүн кеӊейтүү маселесин талкуулады. Ошондой эле Казакстанда жашаган Кыргызстандын жарандарыныны достугун жана биримдигин […]Читать далее
Жыл башынан бери 179 миң 345 салык төлөөчү Мамлекеттик салык кызматынын Salyk.kg “Салык төлөөчүнүн жеке кабинети” сервисин пайдаланууга өтүштү. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди. Бүгүнкү күндө 558 миң 500 салык төлөөчү онлайн салыктык кызматтарды пайдаланууда, анын ичинде 493 миң 331 жеке жак, 65 миң 169 юридикалык жак. 54 миң 223 салык төлөөчү электрондук […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын 24-конференциясынын (ТҮРКОН) делегация башчыларын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Улуттук коопсуздук кызматтарынын жетекчилери менен учурашып, мамлекет башчысы терең тарыхый байланыштар, көп кылымдык ынак коңшулаштык тажрыйбасы жана өлкөлөр менен элдердин жемиштүү кызматташуусу ТҮРКОНдун алкагында өз ара аракеттенүүнү […]Читать далее
Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулуп жаткан участогунда, тактап айтканда Боз-Бармак тоо кыркалары аркылуу жер астындагы трассанын өтүүсүн долбоорлоодо оюк түрүндөгү байыркы коргондор табылган. Бул табылган коргондор маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан археологиянын эстеликтер жана тарыхый-маданий мурас объекттери катары аныкталган. Аталган объектилерди сактоо режимин камсыздоо жоопкерчилигин «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы өзүнө алып, […]Читать далее
Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 859 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет. Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 835, Алматы шаарында – 363, Шымкент шаарында – 17, Акмоло облусунда – 66, Актөбе облусунда – 11, Алматы облусунда – 45, Жетысу облусунда – 60, Атырау облусунда – 64, Чыгыш-Казакстан облусунда – […]Читать далее