Улуттук госпиталда кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн заманбап ангиографиялык комплекс пайдаланууга берилди

Улуттук госпиталда кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн заманбап ангиографиялык комплекс пайдаланууга берилди. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Бүгүн, 2023-жылдын 18-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Улуттук госпиталда өткөн алдыңкы ангиографиялык комплексти ачуу жана ишке киргизүү аземине катышты. Кан тамыр ооруларын диагностикалоого жана дарылоого арналган жаңы жабдуулар өлкөбүздүн саламаттыкты сактоо системасын жакшыртууга чоң салым болот.

Министр Г.Баатырова өз сөзүндө өлкө Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жигердүү колдоосунун аркасында биздин саламаттыкты сактоо тармагыбызды жаңылоо жана өнүктүрүү уланып жатканын белгиледи. Заманбап ангиографиялык комплекстин орнотулушу бейтаптарга жеке клиникаларга барбастан, жеринде жогорку технологиялык медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул кан тамыр ооруларын диагностикалоого кеткен чыгымдарды бир топ кыскартып, бардык жарандарыбыз үчүн жеткиликтүү шарттарды камсыздайт.

Министр ошондой эле Дүйнөлүк банкка жана “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбооруна саламаттыкты сактоо тутумуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Бул каржылоонун аркасында дарыгерлерге кан тамырларды тез жана так текшерүүгө жана диагностикалоого, ар кандай ооруларды жана кан айлануу бузулууларын деталдуу сүрөткө тартууга жана аныктоого мүмкүндүк берген заманбап жабдууларды ала алдык.

Жаңы ангиографиялык комплекс кыймылдуу С формасындагы арканы, ангиографиялык столду, генераторду жана нур чагылдыргычты, детекторду, маалыматтарды чогултуу, иштетүү жана сактоо үчүн санариптик көп милдеттүү системаны, мониторлорду жана рентгендик операциялык бөлмөдө жана пульттук башкаруу модулдары жана башка кошумча жабдууларды камтыйт. Жабдуулар оорулуунун денесинин ичинде хирургга визуализация жана навигация куралы катары кызмат кыла алат. Ошентип, ангиографиялык комплекс татаал интервенцияларды жана хирургиялык операцияларды жогорку тактык жана коопсуздук менен аткаруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Сатып алынган жабдуулар Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун каражаттарын натыйжалуу пайдалануунун жыйынтыгы болуп саналат. Бул ангиографиялык комплекске жумшалган 60 миллион сомдон ашык сумма биздин заманбап медициналык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана көрсөтүлүүчү кызматтардын деңгээлин жогорулатууга умтулганыбызды ырастайт.

Министр Баатырова баса белгилегендей, бул алдыга кадам Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоонун сапатын жогорулатуу боюнча биздин стратегиябыздын бир бөлүгү. Биз бейтаптарга жогорку технологиялык жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүнү максат кылып жатабыз жана Улуттук госпиталда ангиографиялык комплекстин ишке киргизилиши бул багыттагы олуттуу кадам болуп саналат.

Улуттук госпиталда заманбап ангиографиялык комплекстин ишке киргизилиши саламаттыкты сактоо системасын өркүндөтүү боюнча тынымсыз иш жүрүп жатканын тастыктайт. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги биздин жарандарга кан тамыр ооруларын дарылоого жана диагностикалоого өз салымын кошуп, алдыңкы технологияларды жана процедураларды колдонууну камсыз кылууга умтулат. Бул Кыргыз Республикасындагы ар бир адамга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча биздин максатка жетүүдөгү маанилүү кадам.

Связанный пост