Ноокен районунда 50 орундуу төрөт үйү курулуп бүттү

Ноокен районунда 50 орундуу төрөт үйү курулуп бүткөрүлдү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Төрөт үйүнүн курулушу КР Финансы министрлиги аркылуу каржыланып, Ноокен районунун өнүктүрүү Фонду тарабынан ишке ашырылды.

Ноокен районунун Кочкор Ата шаарында 2021-жылы жалпы суммасы 57 млн сомдук 50 орундуу төрөт үйүнүн куруу иштери башталып, учурда бүткөрүлүп ишке берилди. Анын ичинде:

26 млн сом КР Финансы министрлиги аркылуу каржыланган сумма;

37 млн сом Кочкор Ата шаардык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Бүгүнкү күндө төрөткана Кочкор-Ата шаарынын жана Момбеков, Бүргөндү, Достук айыл аймактарынын тургундарын тейлейт. Мекеменин шарттары жакшы жана жарандарды тейлөө үчүн даяр.

Связанный пост