Жети-Өгүздө 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

 Жети-Өгүздө 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталды
Жети-Өгүз районунун Даркан айылында 100 орундуу бала бакчанын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктөн маалымдашты.
Жаңыдан курулушу башталган билим уясынын түптөлүшүнө Жети-Өгүз район жетекчиси, Даркан айыл аймагынын жетекчилиги, айыл тургундары катышышты.
100 орунга ылайыкташтырылып салынып жаткан бала бача республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы баасы 66 млн. сомдон ашык акча каражаты керектелет.
Бакчаны куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар порталына тендер жарыяланып, ОсОО “Саи энд трейд” ишканасы утуучу деп табылып, куруу иштери башталды.

Связанный пост