Келечек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Келечек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Келечек конушуна бала бакча курууда. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси бир кабатуу, жер участогунун жалпы аянты – 0,44 га, ал эми жайдын аянты-1314,14 чарчы метрди түзөт. Имаратта оюн бөлмөсү, буфет, ашкана, таркатма бөлмө, уктоочу жайлар, тазалык түйүндөрү, кабыл алуу, медициналык кабинет, башчынын кабинети, музыкалык жана спорт  зал, методист бөлмөсү, персонал жана техникалык бөлмөлөр каралган.

Подряддык уюм тарабынан имараттын каркастары – темир-бетон колонна орнотуу  боюнча иштер аткарылган. Учурда ички дубалдарды куруу жана чатырды жабуу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. “Бай Мен” ЖЧКсы подряддык уюму иш алып барууда.

Связанный пост