Бүгүн, 18-майда, Сиань шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Мындан сырткары, Кытайга болгон мамлекеттик сапардын алкагында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду: – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен […]Читать далее
2022-жылы социалдык контракттын алкагында 7000ден ашык жумуш орундары түзүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камчыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Алматыда өткөн “Экономикалык өнүгүү үчүн ак ниет башкаруу” аттуу аймактык конференцияда билдирди. Конференцияда Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын өкүлдөрү өндүрүштүн өз ара байланышын, маалыматтарды талдоо жана аларды мамлекеттик саясат үчүн пайдаланууну, ошондой эле жарандык […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар койду. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү. Бүгүн, 18-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Минск шаарындагы иш сапарынын алкагында ЖККУ ПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин делегация башчылары менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, […]Читать далее
Ноокен районунда 50 орундуу төрөт үйү курулуп бүткөрүлдү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Төрөт үйүнүн курулушу КР Финансы министрлиги аркылуу каржыланып, Ноокен районунун өнүктүрүү Фонду тарабынан ишке ашырылды. Ноокен районунун Кочкор Ата шаарында 2021-жылы жалпы суммасы 57 млн сомдук 50 орундуу төрөт үйүнүн куруу иштери башталып, учурда бүткөрүлүп ишке берилди. Анын […]Читать далее
Бүгүн, 18-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Көз карандысыздык сарайында өткөн жолугушууга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясына мүчө мамлекеттердин парламенттеринин төрагалары да катышты. Жолугушууда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун учурдагы абалы жана анын келечеги […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда адам уурдоого тиешеси бар эки жаран кармалды. Бул тууралуу КРнын ИИМ маалымдады. 2023-жылдын май айында ички иштер органдарына криминалдык элементтер ишкерлерди опузалап, коркутуулар болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ушул жылдын апрель айынын аягында Жалал-Абад облусунун аймагында бир нече адамдар жергиликтүү тургунга күч колдонушуп, анын “Лексус” үлгүсүндөгү унаасына салып, ээн жерге алып кетишкен. Шектүүлөр […]Читать далее
КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан «Каракол» аэропортунун жетекчилигине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Каракол» аэропортунун кызмат адамдары жеке кызыкчылыгын көздөп, аэропорттун атайын техникасын жана жабдууларын, баалуу металлдарды чыгарып алган адамдарга мыйзамсыз сатып жибергендиги аныкталган. […]Читать далее
Улуттук госпиталда кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн заманбап ангиографиялык комплекс пайдаланууга берилди. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Бүгүн, 2023-жылдын 18-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Улуттук госпиталда өткөн алдыңкы ангиографиялык комплексти ачуу жана ишке киргизүү аземине катышты. Кан тамыр ооруларын диагностикалоого жана дарылоого арналган жаңы жабдуулар өлкөбүздүн […]Читать далее
Жети-Өгүз районунун Даркан айылында 100 орундуу бала бакчанын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктөн маалымдашты. Жаңыдан курулушу башталган билим уясынын түптөлүшүнө Жети-Өгүз район жетекчиси, Даркан айыл аймагынын жетекчилиги, айыл тургундары катышышты. 100 орунга ылайыкташтырылып салынып жаткан бала бача республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы баасы 66 млн. сомдон ашык акча каражаты керектелет. Бакчаны куруу […]Читать далее
Чаек айылындагы күрөш залынын курулушу бүттү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлиги маалымдады. Машыгуу залы КР Финансы министрлиги аркылуу каржыланып, Нарын облусунун Жумгал районунун өнүктүрүү Фонду тарабынан ишке ашырылды. Долбоордун жалпы суммасы 21,9 млн сомду түзөт. Анын ичинен: – КР Финансы министрлиги аркылуу каржыланган сумма – 18,7 млн сом; – Чаек айылынын өкмөтүнүн өздүк салымы – […]Читать далее