Бишкекте канализациялык коллектордун курулушу уланууда

 Бишкекте канализациялык коллектордун курулушу уланууда

Бишкекте канализациялык коллектордун курулушу уланууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

“Бишкек шаарынын суу менен камсыз кылуу жана  реабилитациялоо” долбоорунун II фазасынын алкагында канализациялык коллектордун курулушу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Жаңы түтүк шаардын түштүк жана батыш тарабындагы канализация системасын Бишкектеги саркынды сууларды тазалоочу жай менен байланыштырат.

Шаардын түштүк-батыш тарабындагы социалдык объектилерди, жеке жана көп батирлүү үйлөрдү
канализация түйүндөрүнө кошууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жаңы коллектордун жалпы узундугу 11 чакырымдан ашат.

Жаңы канализацияны куруу үчүн диаметри 1000 мм жана 2000 мм болгон темир-бетон түтүктөр колдонулат. Булар заманбап,  туруктуу, бактериялык чабуулга дуушарланбайт, ысыктан, кургакчылыктан, нымдуулуктан жана үшүктөн жабыркабайт. Жаңы материалдар түтүктөрдүн ишенимдүүлүгүн 50 жылдан кем эмес кепилдик берүүгө мүмкүндүк берет.

Маалымдама: 2021-жылдын сентябрь айында «Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана реабилитациялоо» долбоорунун алкагында канализациялык коллектордун курулушу боюнча иштер башталган. Курулуш эл аралык уюмдардын кредиттик жана гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкексууканал» башкармалыгы тарабынан «Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоору (II фаза) ишке ашырылууда.

Связанный пост