Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулерди кабыл алды. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев алгач Николас Боулерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады. “Сиздин өмүр баяныңыз тууралуу маалымат алып […]Читать далее
Бишкекте шаурмадан уулангандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен кайрылгандардын жалпы саны 71 адам болуп, алардын 36сы ооруканага жаткырылган. Белгиленгендей, ооруканага жаткырылгандардын 31и чоңдор, алтоосу 10 жаштан 14 жашка чейинки балдар. “Дарыгерлердин маалыматына караганда, алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бүгүн абалы жакшыргандар үйдөн дарыланууга жөнөтүлөт”,- […]Читать далее
2023-жылдын 6-10-октябрь күндөрү Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Жаштарынын XVII Дельфы оюндары өтөт. Иш-чара конкурстук жана фестивалдык багытта болот. Ага ылайык Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнүн 10 жаштан 25 жашка чейинки жарандары катышышат. Алар фортепиано, скрипка, академиялык ырдоо, жеке элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бий, үйлөмө аспаптарда ойноо, көркөм өнөр жаатында, улттук аспаптарда өнөр тартуулап, […]Читать далее
“Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабы башталгандан берки 3 айдын ичинде катышуучулар “Салык чек” тиркемеси аркылуу 7 млрд сомдон ашык 5,6 млн кассалык чекти сканерден өткөрүштү. Бул мезгилде 45 миңден ашуун адам лотереяга жаңы кошулуп, бүгүнкү күндө катышуучулардын саны 283 миңден ашты. Лотереянын катышуучуларына утушка катышуу үчүн 6,3 млн ашуун ID-номер […]Читать далее
БТЖга товарлардын жеткирилбегендиги жана аларды ээликтен ажыратуу фактылары аныкталды. Дээрлик
«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери товарларды бажылык тариздөөчү жерге жеткирүү боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылы Кыргыз Республикасынын резиденттери «Э. Н.» ЖЧК, «С.К.» ЖИнин дарегине «кийим-кече, жашылча-жемиш» сыяктуу товарлар Өзбекстан Республикасынан, Ирандан жана Түркмөнстандан жөнөтүлгөн. Жолдо Казакстан Республикасынын бажы постунда бул товарларга 11 транзиттик декларация таризделген. Бул транзиттик декларацияларга ылайык, бул товарлар жүк ташуучу унааларда ташылып, бажы тариздөөчү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен облусуна болгон жумушчу сапардын алкагында Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна барды. Министр менен бирге Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Кутпидин Шакировтун катышуусунда Кытай компаниясынын колдоосу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында компьютердик томография аппараты орнотулду. Заманбап медициналык аппараттын баасы 360 миң АКШ долларын түзөт. Компьютердик томография райондун жашоочулары […]Читать далее
2023-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жолугушуусу болуп өттү. Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, ал эми Тажикстан Республикасынын делегациясын Тажикстан Республикасынын Улуттук […]Читать далее
Президент: Эгемендик үчүн күрөшкөн аталарыбыздын эмгектерин жалпы журтубузга таанытышыбыз зарыл
“Эгемендик үчүн күрөшкөн аталарыбыздын эмгектерин тактап, жалпы журтубузга таанытышыбыз зарыл”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда, Нарын облусунун Кочкор районундагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн М.Сыдыков атындагы стадиондо, Ормон Хандын 230 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөп жатып, белгиледи. Майрамдык иш-чара Ормон Хандын такка отурган тарыхын баяндаган театрлаштырылган пролог менен башталды. Мамлекет башчысы өз […]Читать далее
Жол кырсыктарын алдын алып, адам өлүмүн болтурбоо максатында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна соккуга каршы буферлер орнотулууда. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда иштер жолдун 83, 124 жана 126-чакырымында (Кызыл-Кыя жана Кадамжай шаарлары) жүрүп, атайын буферлер кооптуу бурулуштарга коюлуп жатат. Кум толтурулган челектин бийиктиги 80 см, диаметри 55 смди түзүп, салмагы […]Читать далее
Бүгүн, 2-октябрда Бишкекте жайгашкан Бишкек-2 темир жол бекетине Америкадан жана Европадан туристтер келди. Конокторду кыргыз улуттук күүнүн коштоосу менен уюштуруучулар жана ишкананын кызматкерлери тосуп алышты. Жалпысынан поезд менен 62 турист келди. Кыргызстанга ушуну менен 4-туристтик поезд келип жатат. Келген коноктор бүгүн Бишкек шаарын кыдырып, андан соң «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына барышат.Читать далее