Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын кезектеги жолугушуусу болду

2023-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жолугушуусу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, ал эми Тажикстан Республикасынын делегациясын Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Делегациялардын башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелериндеги иштерди активдештирүү зарылчылыгы жөнүндө толук өз ара түшүнүшүүлөрүн билдиришип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришти.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган участокторунда долбоордук линияны сыпаттоо иштерин улантат.

Жолугушууда чек ара аймактарынын ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди чыңдоо, ошондой эле эки мамлекеттин чек арага жакын райондору менен облустарынын активдүү кызматташуусун улантуу зарылчылыгы өзгөчө белгиленди. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Связанный пост