Кадамжай ЖДПБна компьютердик томография орнотулду

 Кадамжай ЖДПБна компьютердик томография орнотулду

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен облусуна болгон жумушчу сапардын алкагында Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна барды. Министр менен бирге Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Кутпидин Шакировтун катышуусунда Кытай компаниясынын колдоосу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында компьютердик томография аппараты орнотулду. Заманбап медициналык аппараттын баасы 360 миң АКШ долларын түзөт.

Компьютердик томография райондун жашоочулары үчүн зор жаңылык эсептелет. Буюрса эл жакынкы күндөрдө алыс жолго убакыт коротпостон, райондун борборундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна томографияга текшерилүүгө шарт түзүлдү. Медициналык аппаратты колдонуу жана диагностикалоо үчүн атайын адистер окутулуп жатат. Район башчысы аким К. Шакиров демилгени колдоорун айтып, элге сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү жакшырып жаткандыгын билдирди. Кадамжай ЖДПБ 259 керебетке эсептелип, 13 бөлүм жана 5 филиал, 19 УДТ, 24 ФАПдан турат.

Министр А. Бейшеналиев менен район акими К. Шакиров медицина кызматкерлери менен тармактагы көйгөйлөрдү да талкуулашты.

Связанный пост