Темир жол вокзалына кезектеги туристтик поезд келди

Бүгүн, 2-октябрда Бишкекте жайгашкан Бишкек-2 темир жол бекетине Америкадан жана Европадан туристтер келди. Конокторду кыргыз улуттук күүнүн коштоосу менен  уюштуруучулар жана ишкананын кызматкерлери тосуп алышты.

Жалпысынан поезд менен 62 турист келди. Кыргызстанга ушуну менен 4-туристтик поезд келип жатат. Келген коноктор бүгүн Бишкек шаарын кыдырып, андан соң «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына барышат.

Связанный пост