“Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа курорту 1-декабрда ачылат. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ААКтын өкүлү Аскат Чолпонбаев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул убакытка чейин курортто жалпы узундугу 47 чакырымды түзгөн лыжа трассасын жана 6 асма жол ишке киргизүү пландалууда. “Төрт категорияга бөлүнөт: жаңы үйрөнүп жаткандар, орто деңгээлдеги лыжачылар, кесипкөй спортчулар жана тоодо татаал ылдый түшүүлөрдү […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Жомок каньону быйылкы жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетке 7,5 млн сом киреше алып келди. Бул тууралуу Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Бактыбек Осмонов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, учурда райондо туристтик аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу жана келген туристтер үчүн шарттарды түзүү багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. “Жомок каньонуна […]Читать далее
Лондондо туристтик индустриядагы эң ири эл аралык көргөзмөлөрдүн бири World Travel Market (WTM) London 2026 көргөзмөсү башталып, анда Кыргыз Республикасы өзүнүн туристтик потенциалын дүйнөлүк коомчулукка таанытууда. Көргөзмөнүн ачылышына Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Омар Султанов жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин […]Читать далее
Кыргызстан эл аралык Much Better Adventures туристтик платформасы түзгөн Solo Adventure Travel 2026 рейтингинде биринчи орунду ээлеген. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков белгилегендей, муну окуп коюш жөнөкөй эле, бирок анын артында кандай эмгек жатат, ал узак сөз. Анын айтымында, бул рейтингде өлкөлөрдүн туристтер үчүн коопсуздугу, жаратылышы, тоо туризминин мүмкүнчүлүктөрү, саякаттын жеткиликтүүлүгү жана […]Читать далее
Ош шаарында 20–21-август күндөрү “Борбор Азиядагы соода диалогу – 2026” эл аралык форуму өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирет. Форумдун алкагында өткөн “Туризм трансчек аралык кластер катары” аттуу секцияда агенттиктин директорунун биринчи орун басары Эрденет Касымов туристтердин мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарынан өтүүсүн жеңилдетүү маселесин көтөрдү. Ал туристтик топтор үчүн чек араларда […]Читать далее
Much Better Adventures платформасы жүргүзгөн рейтингде Кыргызстан 2026-жылы жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп таанылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги билдирет. Маалыматта белгиленгендей, платформанын эксперттери 26 өлкөдөн турган рейтинг түзүшкөн. Өлкөлөр экстремалдык жана активдүү туризм, жөө жүрүү маршруттары, транспорттун жеткиликтүүлүгү, баалардын деңгээли, коопсуздук көрсөткүчтөрү, биологиялык ар түрдүүлүгү жана саякатчылардын кызыгуусунун өсүшү […]Читать далее
Борбор Азия туристтик тармагы тез өнүгүп жаткан аймак деп аталды. Мындай баалоо 2025-жылдын жыйынтыгына жараша чыгарылды. Отчет Дүйнөлүк туризм жана саякат боюнча кеңештин сайтына жарыяланды. Ага ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Борбор Азиянын туристтик тармагы аймактын экономикасынын 17,7% өсүшүнө алып келип, 20,1 млрд долларды түздү. Өсүштүн темпи Түндүк-Чыгыш жана Түштүк-Батыш Азияга салыштырмалуу кыйла жогору болду. Мындай […]Читать далее
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы туристтердин өз ара агымын жакынкы жылдары 10 миллион адамга жеткирүү максаты коюлууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан Кыргызстан үчүн туризм багытындагы эң маанилүү стратегиялык өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. 2025-жылы Өзбекстандан Кыргызстанга 6,5 миллиондон ашык турист келген болсо, ошол эле мезгилде Кыргызстандан Өзбекстанга […]Читать далее
Ысык-Көлдө жүргүнчү жана туристтик кемелерди жүргүзүүнү жандандыруу пландалууда. Бул долбоор Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Бишкек – Алматы экономикалык коридорунун программасынын алкагында сунушталууда. Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрденэт Касымов “Биринчи радионун” эфиринде билдиргендей, туризм тармагы боюнча беш долбоор пландаштырылууда, анын ичинде Ысык-Көлдө кемелерди жүргүзүүнү жандандыруу да бар. Анын айтымында, кыргыз тарап долбоорду […]Читать далее
Кыргызстандын туризм тармагы 2023-жылдан бери туруктуу өсүштү көрсөтүп жатат. 2026-жылдын жыйынтыгында өлкөгө 13 млнго чейин турист келиши мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди. Анын айтымында, 2023-жылы Кыргызстанга 8 млнго жакын турист келген. 2025-жылы бул көрсөткүч 10,5 млн адамга жеткен. “Быйыл 12,5–13 млн турист келет деп күтүп жатабыз. Алты айдын жыйынтыгында […]Читать далее