Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт, 3-октябрь күнү, саат 10-11:00гө чейинки аралыкта Бишкек, Ош шаарларында 5 мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырып, машыгуу өтөт. Андыктан ӨКМ жарандарды сиренанын үнүн укканда дүрбөлөнгө түшпөөгө чакырат. Бул машыгуу. Машыгуунун максаты – өзгөчө кырдаалдар катталган учурда жарандардын өзүн алып жүрүү, адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды азайтуу максатын көздөйт жана “5-октябрь […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин 1-октябрь – Карылар күнүнө карата куттуктоосу: Ардактуу карыялар! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз эли байыртан улууга урмат кылып, карыны төрдүн көркү, үйдүн куту катары кадырлашкан. Эч ким улгайган ата-энесин таштаган эмес. Ал тургай […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: «Урматтуу аксакалдуу аталар, ак элечек энелер! Кымбаттуу кадырман карылар! “Улууга урмат – кичүүгө ызаат” деп нарк билги кыргыз эли эзелтеден эле эки сөз менен улуу-кичүүнүн ордун таасын белгилеп коюшкан экен. Ата салтын, баба наркын […]Читать далее
МинКаб Төрагасы Жумгал районундагы Ш. Садыбакасов атындагы мектептин жылытуу мезгилине
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жумгал районундагы Шатман Садыбакасов атындагы орто мектебинде болду. Белгилей кетсек, бул жаңы мектептин ачылышы үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында болгон. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешев бул мектептин курулушу 9 жыл мурда башталганын, бирок […]Читать далее
29-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Чүй көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 17:35те Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2 бөлүм жана штаб тартылган. Өрт саат 17:51де чектөөгө алынып, саат 18:46да толук өчүрүлгөн. Маалыматка ылайык, батирдин балкону толук өрттөнүп, тилеке каршы тилсиз жоонун кесепетинен 2020-жылы туулган А.М аттуу […]Читать далее
Төрөбаев: Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу белгисиз мөөнөткө жылды деген маалымат
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу белгисиз мөөнөткө жылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтуусуна караганда, жакында белгисиз булактарга таянуу менен Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоору токтоп калды деген маалымат тараган. Тиешелүү тармак анын чындыкка дал келбей турганын түшүндүрүп, төгүндөгөн. “Эми […]Читать далее
Акылбек Жапаров Кара-Кече көмүр кенинин 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ысык-Көл жана Нарын облустарына болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар отун-энергетикалык объектилер менен таанышты. МинКаб Төрагасы Балыкчы шаарындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын көмүрдү жүктөө жана түшүрүү пунктунун даярдыгын текшерди. МинКаб Төрагасына көмүр түшүрүү пункту алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине 100% даяр экендиги […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 28-29-сентябрда Германиянын Федералдык Канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Берлин шаарына (Германия) болгон иш сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө Мамлекет башчысы Кыргызстандын Германиядагы элчилигине барып, дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагында орнотулган “Жаш Манасчы” жаңы айкелин көрүп чыкты. Ошондой эле Садыр Жапаров Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен баарлашып, аларды кызыктырган суроолорго жооп […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, иш сапарынын алкагында Берлин шаарында Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кыргыз-герман күн тартибинин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелери талкууланды. Сүйлөшүүнүн башында Канцлер Олаф Шольц Президент Садыр Жапаров менен кайрадан жолугушууга кубанычта экенин белгиледи. Ал бул жолугушуу өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташууга […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин жыйынында бир катар маселелер каралып, маанилүү чечимдер кабыл
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында, Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болуп, анда отурумдун күн тартибинде алты маселе каралды. Алгач “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралды. Бул багытта Финансы министрлигинин маалыматы угулуп, өлкөнүн 2024-2026-жылдарга мамлекеттик башкаруу […]Читать далее